Саламаттык менен эмгекти коргоо

Саламаттык менен эмгекти коргоо

Биздин ураан:

«Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт»

4 000 метр бийиктикте кенди иштетүүдө негизги татаалдыктар суук климатта жана кычкылтектин төмөн курамы шарттарында жашоодо жана иштөөдө турат. Минималдуу температура минус 50°С болсо, орточо жылдык температура минус 8°С түзөт.

Биздин кызматкерлер үзгүлтүксүз медициналык кароодон жана саламаттык абалын текшерүүсүнөн өтүшөт, жогорку сапаттуу коргоочу атайын кийимдер менен камсыздалышат, өздөрүн жана кесиптештерин коргоо үчүн ден соолукту коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча окутуудан өтүшөт. Биз күтүлбөгөн кырсыктардын жана болбой калган кырсыктардын каттоосун жана анализин жүргүзөбүз, эмгекти коргоо тармагында профилактикалык иш-чараларды жүргүзөбүз. Бизде бардык керектүү нерселер менен жабдылган жана үзгүлтүксүзтакай машыгууларды өткөрүп турган ыкчам куткаруу тобу бар. Ошондой эле штаттык кызматкерлерден турган ыктыярдуу куткаруучу топ бар. Биздин ураан – «Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт».

Ден соолукту коргоого жана коопсуздук техникасына окутуу

Кен ишканасынын бардык жаңы кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуудан жана үзгүлтүксүз кайталоо окутуусунан өтүп турушат. Кырчактан куткаруу кызамтынын окутуулары коопсуздук техникасы боюнча киришүү инструктажын, биринчи жардам көрсөтүүнү, өрт өчүрүү жана кырсык баскан учурларда жана өндүрүштө кооптуу шарттар учурунда жасалуусу зарыл иш аракеттерди, коркунучтуу жүктөрдү транспорттоо, коопсуз айдоону ж.б. Ошондой эле төмөнку суроолор да каралат: иш жүргүзүүгө уруксат, радиациялык нурдануу коркунучу, кан тамырларга басымдын жана организмге ультрафиолет нурлануунун таасири, үшүккө чалдыгуу жана гипертермия, угуу органдарын коргоо, чектелген мейкиндикте иштөө, цианиддер жана башка химикаттарды колдонуу.

Медициналык текшерүү жана кызматкерлердин саламаттыгы

Бийик тоо жана кычкылтек жетишсиздиги шарттарында болууга жана иштөөгө жарамдуулугун текшерүү үчүн кызматкерлерибиз үзгүлтүксүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген лицензияга ылайык, «Кумтөр» Бишкек шаарында, Балыкчы өткөөл базасында жана тоо-кен жайында дарыгерлерден, тез жардам адистеринен, медайымдардан жана биринчи жардам нускоочуларынан турган квалификациялуу медперсоналы бар медициналык кеңселерге ээ. Ишкананын жана подряддык уюмдардын бардык жаңы кызматкерлери кен ишканасына биринчи жолу баруунун алдында толук медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Кийин, ишкананын кызматкерлери жыл сайын подряддык уюмдардын кызматкерлери болсо 3-6 айда бир жолу медтекшерүүдөн өтүшөт. Айдоочулардын кен ишканасына баруу жана андан кайтуу алдында, Бишкектик айдоочулардын болсо ар бир вахта убагында кан басымы текшерилет жана кычкыл-текке тест жүргүзүлөт. Андан тышкары, ишкананын жана подряддык уюмдардын кызматкерлери ооруп калганда же чочулоо жараткан симптомдор келип чыкканда ар бири тиешелүү текшерүүдөн жана дарылоодон өтүшөт. Кен ишканасында, мындай зарылчылык келип чыкканда, организмдин акклиматизациясына жардамдашуу үчүн барокамера да бар.

Бизде кызматкерлерибизди коргоо жана алардын саламаттыгынын жалпы абалын жакшыртуу үчүн профилактикалык программалар бар. Жыл сайын сасык тумоого каршы иммунитетти чыңдоо программасы ишке ашырылат. Байкоолорубузга жараша, жогорку дем алуу жолдорунун инфекциясы ишке чыкпоонун негизги себеби болуп калууда. 2002 жылдан бери тамеки чегүү менен күрөшүү программабызды ишке ашыруу алкагында жеке консультациялар, медициналык каражаттарды таратуу (никотин малаамдары сыяктуу) жана тамеки чегүүгө уруксат берилген жерлерди чектөө сыяктуу чараларды катар алып баруу демилгелеринен турат. Тизмеленген чаралардын акыркысы пассивдүү тамеки чегүү тобокелчилигин төмөндөтүүдө өзгөчө мааниге ээ. Туура тамактанууга мониторинг программасын ишке ашыруу алкагында кызматкерлерге жеке консультация берилип, лагерде даярдалган тамактын азык-зат балансы көзөмөлдөнөт. Күнүмдүк тамактануу үчүн адамдардын тандоосуна жеке жана салттык көңүлгө жаккан жана жалгыз гана Кыргыз Республикасынан алынган азык заттардан жасалган жогорку сапаттагы жана жаңы даярдалган көп түрдүү тамактар сунулат.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү

Биздин куткаруу кызматы 24 саат бою даяр турат. Кызматта авариялык-куткаруу кызматынын командиринин жетекчилиги астында кесипкөй куткаруучулар иштейт. Биз жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын пландарын карап чыгып, жаңыртабыз жана үзгүлтүксүз окууларды жана машыгууларды өткөрөбүз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана «Кыргызалтындын» командаларынын катышуусунда жыл сайын өтүүчү көнүгүүлөр жана мелдештер биздин ыкчам аракеттенүү тобунун чеберчилигин жана тажрыйбасын жогорулатууга жардам берет. Биз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык тренингдерди өткөрөбүз. Олуттуу окуялар болгондо, биз аларды талдап, жыйынтык чыгарабыз, ошого жараша өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү карап чыгып, жакшыртабыз. Цианид окуясы төмөндө сүрөттөлгөндөй биздин команданын ыкчам аракетинин ынанымдуу мисалы болуп саналат.