КУМТӨРДҮН КЫЗМАТКЕРИ МАРАТ ИБРАЕВ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА АБРОЙЛУУ СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

КУМТӨРДҮН КЫЗМАТКЕРИ МАРАТ ИБРАЕВ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА АБРОЙЛУУ СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

Жарыяланган: 10 November 2026

«Кумтөр Голд Компанинин» алдыңкы адиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Марат Ибраев Италиянын Сан-Ремо шаарында өткөн эл аралык “San-Remo Senior 2026” ыр сынагында абройлуу “Prix Committee 2026” сыйлыгына ээ болду.

Дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн 50дөн ашык таланттуу аткаруучулар катышкан сынакта Марат Ибраев белгилүү италиялык ырчы Пеппино Ди Капринин «Champagne» чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, калыстар тобунун өзгөчө баасына татыды.

“Prix Committee 2026” сыйлыгы сынактын эң кадыр-барктуу сыйлыктарынын бири болуп саналат жана калыстар тобу тарабынан өзгөчө чыгармачылык чеберчилиги менен айырмаланган катышуучуга ыйгарылат.

Sanremo Senior сынагы жыл сайын Италиянын Сан-Ремо шаарында өткөрүлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген профессионал жана таланттуу ырчылардын башын бириктирген эл аралык маданий аянтча болуп эсептелет.

Баса, Марат Ибраев 2023-жылы Италиянын Пезаро шаарында өткөн “Sun of Italy” эл аралык музыкалык фестивалында «Академиялык вокал» номинациясында 60 катышуучунун арасынан биринчи орунду багындырып, Кыргызстандын атын дүйнөлүк деңгээлде даңазалаган.

Марат Ибраевдин бул ийгиликтери анын жеке чыгармачылык жетишкендиги гана эмес, кыргыз маданиятынын эл аралык деңгээлде таанылышына кошкон баалуу салымы болуп саналат.

«Кумтөр Голд Компани» жамааты Марат Ибраевди жогорку сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди, бекем ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.