Сууну пайдалануу жана тазалоо

Сууну пайдалануу жана тазалоо

«Кумтөр» пайдаланган суунун көлөмү Петров көлүнөн табигый агып чыккан суунун 7% түзөт

«Кумтөр» өнөдүрүштүк жана чарбалык агындыларды талаптанган нормаларга туура келгиче тазалап туруп агызат.

Сууну пайдалануу

Биз сууну өндүрүштө, негизинен фабрикада, жана тиричилик үчүн (ичүү жана санитария) лагерде, кеңселерде, устаканаларда пайдаланабыз.

Биздин суу ресурстарын пайдалануу боюнча негизги милдеттерибиз төмөнкүлөр:

  • Кызматкерлерибизди таза суу менен камсыз кылуу;
  • Кенге коопсуз түрдө жетүүнү камсыз кылуу жана туруктуу жана коопсуз иш шарттарын түзүү үчүн карьердин ичинен сууну жана музду чыгаруу;
  • Айлана-чөйрөгө кайтарылган суунун коопсуз жана белгиленген критерийлерге дал келишин камсыздоо;
  • Жер үстүнө чыккан сууларга кошулчу калдыктардын көлөмүн кыскартуу үчүн агындыларды башкаруу.

Пайдаланчу суунун негизги бөлүгү Петров көлүнөн алынат. Мындан тышкары, иштин коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн карьердин түбүнө сарыккан чоң көлөмдөгү суу насостор менен сордурулат. Анын бир бөлүгү фабрикада пайдаланып, Петров көлүнөн алынган суунун көлөмүн азайтабыз.

Суунун басымдуу көлөмү фабрикада техникалык суу катары руданы майдалоо менен алтын ылгоодо колдонулат.

Суунун тазаланышы

Петров көлүндө тунган калдыктардын табигый концентрациясы жогору. Көлдүн мындай теги темир, алюминий жана тартылган катуу бөлүкчөлөр менен табигый коштолуп, сууга сүттөй болгон түс берет.

Техникалык сууну тундуруп тазалоо жетиштүү. Бирок Петров көлүнүн суусу тазалоосуз ичүүчү суунун санитардык жана гигиеналык нормативдерине туура келбейт. Ичүүгө коммуналдык-тиричилик суу колдонуунун дүйнөлүк стандарттары боюнча тазалайбыз. Ага флокуляция, фильтрация, хлордоо жана ультрафиолет менен тазалоо кирет.

Poster Final All languages JB

Бул процесстер биригип майда бөлүкчөлөрдү (арасында металлдар болушу мүмкүн) тазалап, коопсуз сактоо жана пайдалануу үчүн дезинфекциялайт. Агындыларды айлана-чөйрөгө агызууга чейин тазалоонун эки системасы колдонулат. Коммуналдык-тиричилик агындылар тиричилик агындыларын тазалоочу курулмаларда (ТАТК) тазаланат. Анда биологиялык иштетүү жана хлордоо стандарттуу процесстери колдонулат. Цианид калдыктары бар өндүрүштүк агындылар фабрикадан калдыктар чарбасына өзү агып келген пульпанын компоненти. Пульпанын болжолдуу 51% түзгөн суюк бөлүгү Кумтөр дарыясына агызылардан мурда ӨАТКга жиберилип, бардык стандарттарга толук жооп бергиче тазаланат. Кыштын катуу суугунан улам агындыларды тазалоо жана агызуу июнь айынан ноябрга чейинки жылдын жылуу мезгили менен чектелет.

Water poster

Бош кар жана муздан пайда болгон акма сууларды башкарууну жакшыртуудабыз. Мүмкүн болушунча, Давыдов жана Сарытөр мөңгүлөрүнүн эриген сууларын бош тек төгүндүлөрүнөн кайтарып Кичи-Сарытөр суусуна бурабыз. Мындан тышкары, ири бөлүкчөлөрдү тундуруу үчүн Лысый өрөөнүнө удаа бир катар көлмөлөрү курулду.***