Айлана-чөйрөгө мониторинг

Айлана-чөйрөгө мониторинг

Көзөмөл программалары кыргыз жана эл аралык стандарттарга негизделип, төмөнкү тармактарды камтыйт:

  • Суунун сапаты жана агымы
  • Агындылардын сапаты жана агымы
  • Биоартүрдүүлүк
  • Абанын сапаты
  • Таштандылардын түрү
  • Кислоталардын пайда болуусу
  • Метеорология

Ишкананы Кыргызстандык жана эл аралык уюмдар менен эксперттер үзгүлтүксүз текшеришет. Өндүрүштүк объектилерге тийиштүү улуттук органдар инспектордук текшерүүлөрдү аткарып, аудитордук текшерүүлөр жүргүзүлөт.***

«Кумтөрдө» экология жана эмгек коопсуздугуна байланышкан кырсыктар боюнча отчет берүү системасы колдонулат. Ал билдирүүгө жатчу жана билдирилбөөчү экологиялык кырсыктарды, төгүлүүлөрдү классификациялаган беш пунктан турган отчет системасына негизделген. Классификациялоо системасы экологиялияга таасирдин деңгээлин, улуттук жана башка нормаларга жооп берүүсүн жана жергиликтүү жамааттардын кооптонууларын эске алып тыянак
чыгарат.

Сапатты камсыздоо жана көзөмөлдөө

Кара-Балта шаарында жайгашкан «Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC» ишканасынын лабораториясы (SAEL – ALS лабораториялардын эл аралык тобунун филиалы) – биз келишимдик негизде иштешип жаткан негизги лаборатория. SAEL биздин анализдердин көбүн жасап келет. Өндүрүштүк ишмердүүлүктү колдоо үчүн кен ишканасында да бир лаборатория негизделген.

Маалымат сапатын камсыздоо үчүн биз үлгүлөрдү, SAEL (Кыргызстан), Саскачевандын илимий-изилдөө кеңешин (Канада) жана Лэйкфилддин илимий-изилдөө лабораторияларын (Канада) кошо алганда, жогорку квалификациялуу жергиликтүү жана эл-аралык лабораторияларга жөнөтөбүз. Лэйкфилддин лабораториялары цианиддердин химиялык касиеттерине жана анализине адистешкен.

Метеорологиялык көзөмөл

Биздин Кыргыз Гидрометеорология агенттиги менен эки тараптык пайдалуу макулдаштыгыбыз бар. Метеостанциялардын бири улуттук метеорологиялык тутумга кирип, агенттик биз иштеп жаткан экстремалдык климат шарттарында коопсуз жана натыйжалуу иштешибиз үчүн маанилүү жергиликтүү метеорологиялык маалымат менен камсыздайт.

Гидрологиялык көзөмөл

Биз, концессиялык аянт чегиндеги негизги суу ресурстарынын гидрологиялык кыймылына көз салып турабыз. Буга Кумтөр дарыясы жана ага куйган негизги куймалар (Чоң-Сарытөр, Кичи-Сарытөр жана Лысый суулары), Петров көлү жана Арабел дарыясын калдык чарбадан айлантып өткөзгөн Жогорку жана Төмөнкү каналдары камтылган.

Биз 30дан ашуун үлгү ылгоо станцияларын камтыган тармактан туруучу суу үлгүсүн алуу жана анализи боюнча комплекстүү программаны карманабыз. Көзөмөл жүргүзүү түйүндөрү жайгашкан жерлер Айлана-чөйрөнү коргоо отчетторунда кеңири сүрөттөлгөн