Биз ишмердүүллүгүбүздөгү максаттарга жетүүдө бизнес жүргүзүү жолу менен кызматкерлер ишин аткаруу ыкмалары негизги принциптер деп ишенебиз.
Белгиленген башкаруу стандарттарды аткаруу үчүн биз компаниянын методикасын жана жол-жоболорун иштеп чыктык. Биз жетекчилерибизден, адистерибизден жана катардагы кызматкерлерибизден эң жогорку этикалык нормаларды кармануусун күтөбүз. Бул талап компаниянын төмөнкү үч саясатында кеңири сүрөттөлүп жазылган:
а) Компаниянын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн этикалык нормалардын топтомунда;
б) Директорлор үчүн этикалык нормалардын топтомунда; жана
в) Компаниянын бардык директорлору, жетекчилери жана кызматкерлери үчүн эл аралык бизнес жүргүзүү саясатында.
«Кумтөрдө» «корпоративдүү маалымдоо» программасы да иштейт, ал компаниянын бардык директорлоруна, жетекчилерине жана кызматкерлерине башка директорлордун, жетекчилердин жана кызматкерлердин потенциалдуу этикалык бузуулары жөнүндө ак ниет даттанууларды жана арыздарды анонимдүү берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Директорлорго, жетекчилерге жана кызматкерлерге, эгерде аларда кандайдыр-бир коркунучтар же суроолор болуп калса, анда компаниянын юрисконсультантына, кадрлар бөлүмүнө же түз жетекчилерине кайрылууга да рекомендация берилет. Компания тарабынан директорлорубуз, жетекчилерибиз жана кызматкерлерибиз үчүн бул саясаттар боюнча үзгүлтүксүз тренингдер өткөрүлөт.
Кызматкерлер үчүн этикалык нормалар
Кызматкерлер үчүн этикалык нормалардын топтому кызыкчылыктардын конфликттин болтурбоо, конфиденциалдык маалыматты коргоо, колдонулуучу мыйзамдардын, эрежелердин жана жоболордун талаптарына ылайык келүү, маалыматты ачыктоо жөнүндө талаптарды сактоо, кызматкерлер жана үчүнчү тараптар үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит маселелерине тиешелүү коркунучтар жөнүндө маалымдоо процедурасы сыяктуу талаптарды камтыйт.
Мындай маселелери бар кызматкерлер түз, конфиденциалдуу же анонимдүү түрдө кайрыла алышат. 2018-жылы Кумтөр кен-жайында 2 тренинг сессиясы өткөрүлүп (чет мамлекеттик жана жергиликтүү адистер үчүн англис жана кыргыз тилдеринде). Биз мындай тренингдерди жылыга өткөрүп, бардык кызматкерлер жок дегенде үч жылда бир же тобокелдер жогору жерде көбүрөөк өтүп туруусун камсыздоону максат коебуз. 2018- жылы онлайн-видео окуу куралын иштеп чыгып, жеке окутуу менен чогу колдонууга беребиз.
Директорлор үчүн этикалык нормалардын топтому
Директорлору үчүн этикалык нормалардын топтому директорлордон болгон, мүмкүн болуучу же айкын конфликт жөнүндө корпоративдүү секретарга токтоосуз баяндоону талап кылат, ал өз кезегинде маалыматты Корпоративдүү башкаруу жана дайындоолор боюнча комитеттин назарына жеткирүүгө тийиш. Директор анда кызыкчылыктардын конфликттери мүмкүн болгон маселелер боюнча талкуулоого, кароого жана чечимдерди кабыл алууга катыша албайт. Бардык жаңы директорлор Директорлор үчүн этикалык нормалардын топтомун карап чыгууга жана кабыл алууга тийиш.
Бизнести эл аралык жүргүзүү саясаты
Бизнести эл аралык жүргүзүү саясаты компаниянын директорлоруна, жетекчилерине жана кызматкерлерине (чектөөлөрсүз) преференциялык мамилелерди алуу, бизнес жүргүзүүгө лицензияларды алуу, тоо-кен казып алуу ишмердигине уруксат берүүлөрдү же концессияларды алуу, камсыз кылуу же өзгөртүү сыяктуу укукка жат максаттарга жетүү үчүн «мамлекеттик кызмат адамына» «кандайдыр-бир баалуу нерсе» белек кылууга, сунуш кылууга же убада кылууга тыюу салат.
Биз саясатыбызда жана коштоочу окутуу программаларында «кандайдыр-бир баалуу нерсе» термининин аныктамасын өзгөчө кеңирилигин белгилейбиз, ал акчалай сыйлоо менен эле чектелбейт, «мамлекеттик кызмат адамы» термини болсо, адатта адамдар мамлекеттик чиновниктер деп эсептешпеген саясый партиялардан кандидаттар, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жетекчилери сыяктуу адамдарды да камтыйт.
Биз Бизнести эл аралык жүргүзүү саясатына өтө олуттуу мамиле жасайбыз жана жогоруда эскертилгендей, 2012-ж. аягында «Кумтөр» компаниясында Бизнести эл аралык жүргүзүү саясаты боюнча кошумча курстарды өткөрдүк, ошондой эле кызматкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн «шашылыш линия» киргиздик. 2013-ж. биз берүүчүлөрүбүздүн маалыматтарын текшерүү процессин күчөттүк жана берүүчүлөр менен типтүү контракттарыбызга коррупция жана паракорчулук менен күрөшүү боюнча пункттарды киргиздик.
Жаратылышты коргоо чараларын башкаруу системалары (ЖКЧБС)
Биздин курчап турган чөйрөгө таасир этүүбүздү түшүнүү, баалоо жана башкаруу үчүн биз «пландоо-аракет-мониторинг-жакшыртуу» системалык мамилени колдонобуз, ал Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун ISO 14001 жана өнөр жай коопсуздугун жана саламаттыкты башкаруу системасынын OHSAS 18000 стандарттары боюнча текшерилет. Бул мамиле «Кумтөр» долбоорун пландаштыруунун баштапкы стадиясында курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү баалоодон башталган, ал айлана-чөйрөнү коргоо (КЧК)* чараларын башкаруу программасын киргизүү менен улантылат, ошондой эле болочокто кен ишканасын эксплуатациядан чыгарууну пландаштырууну (КЭЧП) да камтыйт. Биз Жаратылышты коргоо чаралары планын (ЖКЧП) карманабыз (азыркы учурда №5 версия аракетте), ал өндүрүштүн курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн кесепеттерин четтетүү үчүн жана уруксат берүүлөрдүн жана башка талаптардын сакталышы боюнча документтерди мониторингдөө үчүн иштелип чыккан. Система тоо-кен өнөр жайындагы алдыңкы эл аралык практикаларга, жергиликтүү нормативдик документтерге жана отчеттуулукка ылайык эксплуатациялык талаптарды мониторингдөө, техникалык контролдоо, эксплуатациялык талаптарды аткаруу үчүн арналган. Система жана анын олуттуу элементтери да корпоративдик жана көз карандысыз аудитке тушуктурулат жана КРнын тийиштүү компетенттүү органдары тарабынан бекитилет. Компанияда оңдоп-түздөөчү, алдын алуучу чараларга көз салуу системасы да колдонулат. Бул КЧК жана коопсуздук техникасы боюнча бөлүмдөргө оңдоп-түздөөчү аракеттер боюнча пункттарды киргизүүгө жана жоопкерчилик чөйрөсүн аныктоого мүмкүндүк берет. Бул жоопкер бөлүмдөргө зарыл ишмердүүлүктү дарекке багыттоого жана токтотууга да мүмкүндүк берет. Алгач «Кумтөр» долбоору үчүн көп тараптуу долбоорлук финансылоонун бөлүгү катарында иштелип чыккан ЖКЧП да Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы сыяктуу кредиторлор алдында отчеттуулук боюнча талаптарды да аныктайт. Отчеттуулук боюнча бул талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Мониторингдин станциялар боюнча орточо айлык маанилер түрүндөгү натыйжаларын;
- Оңдоп-түздөөчү аракеттер боюнча рекомендациялардан олуттуу ашып кетүүлөрдү жана сактабоону;
- Каттоого жаткан агып чыгуулар боюнча кеңири маалыматты жана оңдоп-түздөөчү аракеттерди;
- Протоколдорду же мониторинг станцияларын өзгөртүүлөрдү;
- КЭЧПнын абалы жана жумшоолорду;
- Кислоталык кен агындылары, кен калдыктары жана мөңгүлөр боюнча жаңыртылган маалыматтарды;
- Тузсуз сууну керектөө, калдыктарды сактоочу жай жана чыгаруулар боюнча ар жылдык эсептөөлөрдү;
- Кен ишканасындагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иштер менен байланышкан изилдөөлөрдү;
- Кийинки отчеттук мезгилге пландаштырылган ишмердүүлүктүн, изилдөөлөрдүн жана баяндамалардын планын;
- КГК көрүп жаткан иштөөчүлөрдүн саламаттыгын жана эмгекти коргоо боюнча демилгелерди.
*Жаратылышты коргоо чараларынын планы (ЖКЧП) төмөнкү аспектилерди камтыйт:
- Зыяндуу материалдарды колдонуу жана өзгөчө кырдаалдарга каршы иш-аракеттер;
- Жандуу жаратылышты сактоону камтыган айлана-чөйрөнү коргоону;
- Агындыларды жана төгүлүүлөрдү чектөө, контролдоо жана жоюу иш чаралары;
- Саясаттар, программалар, окутуу процесстери, нормативдик документтер жана отчеттук процедуралары;
- Тоо-кен ишканасын эксплуатациядан чыгаруу талаптары.
Ден-соолукту, эмгекти жана айлана-чөйрөну коргоо боюнча саясатты (СЭКЧК боюнча саясат) кыскача талдоо
«Кумтор Голд Компани» жаратылышты жоопкерчиликтүү колдонуу менен бирге, өндүруштөгү коопсуздукту камсыздоонун, Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын жана жергиликтүү коомчулуктардын ден-соолугун коргоонун биринчи кезектеги маанилүүлүгүнүн тааныйт. КГКнын иш-аракеттеринин бардык этаптарында, ошонун ичинде, геологиялык чалгындоо иштеринде, өндүрүш иштеринде жана объекттерди эксплуатациядан чыгаруу иштеринде, коопсуздук жаатындагы «Жумуштагы коопсуздук-үйдөгу коопсуздук» лидерлик программасынын принциптерин (WorkSafe – Home Safe) жана «Коопсуздук техникасынын эрежелерин сактабагыдай эч бир жумуш маанилүү эмес» ураанын, ошондой эле төмөнкү милдеттенмелерди карманып келгенбиз жана карамана бермекчибиз:
- Жергиликтүү мыйзамдардын тиешелүү талаптарын жана шарттарын жана жалпы кабыл алынган эл аралык өндүрүш процессин уюштуруунун принциптерин сактоону;
- Компаниянын жана жалданма компаниялардын жумушчуларына, башкарылбас өндүрүштүк тобокелчилик факторлорун жоюуну камсыздоочу эмгек шарттарын түзүүнү;
- Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын, ошондой эле социалдык-экономикалык факторлорду эске алуу менен жергиликтүү калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна мүмкүн болгон потенциалдык тобокелчиликтерди аныктоону, жоюуну же төмөнкү денгээлге түшүрүүнү;
- Компаниянын өндүрүштүк иштеринин натыйжасында айлана-чөйрөгө мүмкүн болгон терс таасирин төмөнкү денгээлге түшүрүүнү;
- Өндүрүштө ден-соолукту, эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоо чараларынын жалпы натыйжалуулугун үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү жана маанилүүлүгүн түшүнүүгө жетишүүнү;
- Ар бир жумушчунун жумуштан кийин үйүнө аман-эсен кайтуусун камсыздоону максаттаган, ага ылайык ар бир жумушчу өзүнүн жана коллегаларынын коопсуздугуна жооптуу экенини билдирген «Жумушта коопсуз- Үйдө коопсуз» (Work Safe | Home Safe) коопсуздук жаатындагы лидерлик программасынын принциптерин сактоону.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн, КГК төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Өндүрүштө ден-соолукту коргоо, эмгек коопсуздугу жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча расмий бекитилген чаралар системасын практикалык жүзөгө ашыруу жана колдоо;
- Компаниянын ишмердиги менен байланышкан өндүрүштөгү ден-соолук, эмгек коопсуздугу жана айлан-чөйрө үчүн негизги тобокелчилик факторлорун аныктоо;
- Өндүрүштө ден-соолукту коргоо, эмгек коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча КГКнын башкаруу системаларынын жана программаларынын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн камсыздаган максаттарды жана милдеттерди аныктоо;
- Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын жана жергиликтү калктын ден-соолугун жана коопсуздугун камсыздоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын потенциалдуу пайда болуу коркунучун аныктоо, өзгөчө кырдаалдарда кыймыл аракеттер планын иштеп чыгуу, функционалдык даярдыгын камсыздоо, жана талапка туура келгендигин текшерүү;
- КГКнын калктын ден-соолугу, айлана-чөйрөну коргоо жана коопсуздугу боюнча жүргүзгөн иш-чараларын калктын түшүнүүсүн камсыздоо үчүн КГКнын өндүрүштүк объектилери жайгашкан райондо калк жашаган пункттардын жашоочулары менен конструктивдүү диалог тузүү;
- Булгануунун деңгээлин алдын алуу, азайтуу же төмөнкү деңгээлге түшүрүү үчүн калдыктар менен жоопкерчиликтүү иш алып баруу же аларды утилизациялоо;
- Кенди колдонуудан чыгаруу жана рекультивация боюнча иштерди пландуу түрдө жана өз убагында аткаруу;
- Бул Политиканын талаптарын сактоону камсыздоо багытында, учурдагы ахвалды баалоо жана тийиштуу чараларды көрүү максатында регулярдык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- Компаниянын, жалданма компаниялардын жана камсыздагычтардын жумушчуларын бул Политика менен тааныштырууда, алардын өз функцияларын бардык кызматтык денгээлдерде өндүрүштөгү ден-соолукту коргоонун, эмгек коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын сактоо менен аткаруусун камсыздоо максатында тыгыз байланыш түзүү жана КГКнын өндүрүштөгү ден-соолукту жана эмгекти коргоо боюнча программаларын ишке ашырууда жумушчулардын активдүүлүгүн жогорулатуу;
- Жумушчуларды, өндүрүштөгү ден-соолукту жана эмгекти коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо программасынын чегинде, алардын өз функцияларын аткаруусун камсыздоо максатында, кызматтын бардык денгээлдерине ылайыктуу окутуу;
- Жумушчулардын, иш ордундагы ден-соолукту коргоо, эмгек коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программаларды, чараларды иштеп чыгууда жана практикалык ишке ашырууда катышуусун камсыздоо;
- Бул Политиканын ишке ашырылышы үчүн зарыл ресурстар менен камсыздоо; жана ошондой эле
- Бул Политиканын таанышуу учун эркин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.