Суунун сапаты менен нормативдери

Суунун сапаты менен нормативдери

Биздин ичүүчү суубуз коопсуз жана нормаларга жооп берет. Бардык агындылар айлана-чөйрөгө агызууга чейин тийиштүү тазаланат жана экологиялык коопсуз.

Ишкананын күнүмүдүк тиричилигинде (ичүү, тамак даярдоо, гигиена, лагерьди жана кеңселерди тазалоо) колдонулган суунун сапаты Кыргызстан, Канаданын жана Дүйнөлүк саламаттыкты-сактоо уюмунун стандарттарына ылайык дайыма текшерилет.

Cуу сапатын текшерүү үчүн концессиялык аянттын 30дан ашуун түйүнүндө үлгү алынат. Ал түйүндөр биздин айлана-чөйрөнү коргоо программалар жана жоопкерчиликке байланыштуу мыйзам талаптары жана кошумча милдеттенмелердин негизинде тандалган.

***

Суу сапатын текшерүүчү негизги түйүн (“Текшерүү Түйүнү” же “Аралашуу зонасынын соңу” деген аталыштарда) концессия аянтынан тышкары, Кумтөр дарыясын бойлой төмөндө, тазаланган агындылардын жер устүндөгү суулар менен кошулган жеринде жайгашкан. Туруктуу көзөмөл кенден төмөн карай 230 чакырым, Нарын шаарынан 2 чакырым жогорку агымга чейинки суунун бөлүгүндө улантылат.

Биздин жыйынтыктар боюнча Текшерүү Түйүнүндөгү суунун сапаты тиешелүү сапаттык стандарттарга жооп берет. Бирикмелер (мисалы, марганец, магний, алюминий жана темир) көп болгон болсо, ал жергиликтүү жаратылыштын табигый түрдө жогорулаган бирикмелер болгондун себебинен, бирок алар адамдын ден соолугуна жана табиятка зыян алып келбейт. Биз дайыма Нарындын суу сапатынын стандарттары менен шайкеш келебиз.water

 

Өкмөт өкүлдөрү дагы текшерүү жүргүзүү үчүн өз алдынча суунун үлгүлөрүн алып турушат. Буга кошумча, Кыргыз Өкмөтү тарабынан каржыланган Мамлекеттик Комиссиясынын өтүнүчү менен Кумтөр 2012-жылы суунун сапатын баалоо боюнча көз карандысыз иш жүргүзгөн. Бул иш немис адистери тарабынан көп жыл мурда түзүлгөн жана кадыр-барктуу Германиялык лабороторияда жүргүзүлгөн. Суунун үлгүсүн алуу (суунун үстүңкү катмарынан 12 түйүндөн) жана анализ жүргүзүү Европа менен Германия стандарттарынын негизинде ишке ашкан. Андан келип чыккан негизги жыйынтыктар:

  • “суунун үстүңкү кыртышында уулуу заттар менен цианиддин бирикмелери ашыкча көп” дегенге далилдин жоктугу.
  • “Саркынды суулардын курамында цианид жана заттардын бирикмелери Саркынды Суу боюнча Германия Токтомунун чегинен бир далай төмөн.”
  • Кээ бир көрсөткүчтөрдүн жогорулаган бирикмелери мындан ары дагы изилдөө зарылдыгын белгилейт, бирок Кумтөр суусунун төмөнкү агымы “адамдар үчүн эч коркунуч туудурбайт”.

Cуу сапатын көзөмөлдөөнүн жыйынтыктары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жылдык отчеттордо берилген жана веб-сайттын “Отчеттор” бөлүмүндө жеткиликтүү.