Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылган. Ал эми кенди өздөштүрүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) СССР Министрлер советине караштуу «ГИНАЛМАЗАЛТЫН» Баалуу металлдар башкы башкармалыгы тарабынан 1989-жылы даярдалган.
Бирок, долбоордун наркынын кымбат болушунан улам – 995,4 млн советтик рублге барабар болгон (же ошол учурга карата 1,46 млрд АКШ доллары) кенди өздөштүрүү кийинкиге калтырылган.
Көз карандысыз мамлекет болуу менен Кыргызстан өз кен байлыктарын иштетүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүк алды. Бир нече инвесторлордун сунуштарын кылдат карап чыккандан кийин 1992-жылы 4-декабрда Торонто шаарында (Канада) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Камеко» корпорациясы менен «Кумтөралтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга кол койду.
Кенди өздөштүрүүнүн тарыхый даталары
1978 |
“Кыргызгеологиянын” геофизикалык экспедициясы тарабынан “Кумтөр” кенинин ачылышы | |
1989 |
СССР геология министрлиги тарабынан “Кумтөр” кенинин чалгындоосунун деталдык жыйынтыктарынын жарыяланышы | |
1992 |
“Камеко” корпорациясынын геологдорунун мурдагы СССР аймагында келечектүү кендерди издөө сапары | |
1992 |
КР Өкмөтү менен “Камеко” корпорациясынын “Кумтөралтын” долбоорун түзүү боюнча Башкы макулдашууга кол коюу | |
1993 |
““Кумтөр Оперейтинг Компанини” негиздөө | |
1994 |
Техника-экономикалык негиздеменин (ТЭН) даяр болушу. Кумтөрдөгү курулуш иштеринин башталышы | |
1995 |
Долбоорго насыя алуу үчүн финансы документтер пакетин даярдоо жана бекитүү | |
1996 |
Алтын ылгоочу фабриканын ачылыш аземи | |
1997 |
Алтындын коммерциялык өндүрүшүнүн башталышы | |
1998 |
1 миллион унция алтын өндүрүлгөн | |
2002 |
“Кумтөрдөгү” алтын өндүрүшү 100 тоннадан (3,2 миллион унциядан) ашкан | |
2004 |
Долбоордун түзүмүн өзгөртүү. “Центерра Голд Инк.” түптөө. Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кириши (2004-жылдын 22-июну) | |
2005 |
Геологиялык-чалгындоо иштеринин натыйжасы боюнча “Кумтөр” кенин иштетүү мөөнөтү 2013-жылга чейин узартылган | |
2006 |
“Кумтөрдө” өндүрүштү модернизациялоого 95 млн АКШ доллары инвестицияланган | |
2009 |
“Кумтөр” долбоору боюнча жаңы Келишимдин КР Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланышы | |
2012 |
Өндүрүштү өнүктүрүүгө капиталдык салымдар рекорддук көлөмдө – 385,2 млн АКШ долларын түзгөн | |
2012 |
|
|
2014 |
«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК операциялык ишмердүүлүгү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга өтүшү | |
2017 |
КР Өкмөтү жана «Центерра Голд Инк.» жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАК менен “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАК ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык Макулдашууга кол коюлду | |
2021 |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-р буйругуна ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКна убактылуу тышкы башкаруусу киргизилген. | |
2022 |
2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААК, «Центерра Голд Инк.» ортосунда Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлган. 2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 446-р буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруунун жол-жобосу токтотулган (аяктаган). 2022-жылдын 23-августунда КГКнын жалгыз акционери «Кыргызалтын» ААКнын чечимдери менен КГКнын Директорлор кеңеши түзүлгөн. |