Кызматкерлердин коопсуздугу

Кызматкерлердин коопсуздугу

Компания ден соолукту, эмгекти жана өндүрүштүк коопсуздукту башкарууга багытталган иштерди тынымсыз жакшыртып келет.

Компанияда «Ден соолук, эмгек жана айлана-чөйрөнү коргоо саясаты» кабыл алынган жана анын талаптарын сактоо компания кызматкерлери үчүн гана эмес, ошондой эле подряддык уюмдардын кызматкерлери үчүн да милдеттүү.

«Кумтөр Голд Компани» өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылууга, компаниянын, подряддык уюмдардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү коомчулуктун ден соолугун коргоого, ошондой эле экологияны жоопкерчиликтүү башкаруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасайт. Ишибиздин бардык этаптарында биз «Коопсуздук эрежелерин көңүл сыртында калтыргандай, эч кандай маанилүү жумуш жок» деген ураанды жана төмөнкү принциптерди жана милдеттерди карманабыз:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү талаптарын, жоболорун жана өндүрүш процессин уюштуруунун кабыл алынган эл аралык принциптерин сактоо;
  • Ишкананын кызматкерлери үчүн өндүрүштүк тобокелдиктин көзөмөлдөнбөгөн факторлору жок эмгек шарттарын түзүү;
  • Подряддык уюмдардын кызматкерлери үчүн көзөмөлдөнбөгөн факторлору жок эмгек шарттарын түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Социалдык-экономикалык факторлорду эске алуу менен компаниянын кызматкерлеринин, подряддык уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү тобокелдиктерди четтетүү;
  • Ден соолукту, эмгекти, өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын жалпы натыйжалуулугунун маанилүүлүгүн түшүнүү жана аны үзгүлтүксүз жогорулатууга жетишүү;
  • Ар бир адам өзүнүн жана кесиптештеринин коопсуздугу үчүн жооптуу болгон коопсуздук боюнча лидерлик программасынын принциптерин кармануу, ар бир кызматкердин үйүнө аман-эсен кайтып келүүсүн камсыз кылуу.

«Кумтөр Голд Компани» өз кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын алкагында коопсуздуктун 6 алтын эрежесин так сактайт.

  1. Эч качан коопсуздук эрежелерин бузбаңыз;
  2. Аткарылып жаткан ишке ылайыктуу ЖККны колдонуу;
  3. Жумуш орундарындагы тобокелдиктер жана инциденттер жөнүндө кабарлоо;
  4. Сизге уруксат берилген гана шаймандарды жана жабдууларды колдонуңуз;
  5. Жарактуу гана жабдыктарды колдонуңуз, сактоочу түзүлүштөрү (предохранительные устройства) өчүрбөңүз;
  6. Жумушка даяр болуңуз.

Ошондой эле өнөр жай коопсуздугунун 5 негизи:

  1. Жумуш ордуңузга оңой кирип-чыгуу;
  2. Жумуш ордун жана жабдууларды ирээтке келтирүү;
  3. Ишти коопсуздук эрежелерин так сактоо менен аткаруу;
  4. Коопсуз аракеттерди жасоо;
  5. Коопсуздукту эч качан эстен чыгарбоо.

«Кумтөр Голд Компани» өз объектилериндеги коопсуздуктун деңгээлин тынымсыз жогорулатып келет. Компания тобокелдиктин негизги факторлорун: жабдуулардын/механизмдердин жана кол аспаптардын таасири; бийиктиктен кулап түшүү; электрдик токко урунуу; жол-транспорт ж.б. кырсыктарды көзөмөлдөөнү камтыйт:

Эмгекти коргоо жана өндуруштүк коопсуздукту башкаруу – авария алдындагы, авариялык жана башка коркунучтуу кырдаалдардын кайталанышын толук жоюуга багытталган. Компания жабдуулардын иштешине же кызматкерлердин иш-аракеттерине байланыштуу бардык штаттан тышкаркы кырдаалдарды кылдаттык менен талдап чыгат. Бул иштердин алкагында кырсыктардын келип чыгуу себептери аныкталып, келечекте аларды алдын алуу боюнча чаралар иштелип чыгууда.

Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында маалыматтарды жана процесстерди башкаруунун автоматташтырылган системаларын акырындык менен ишке киргизүү. Мониторинг жана алынган маалыматка үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүү башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылат.

Ишканада жана подряддык уюмдарда иштеген мезгилдерде жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-профилактикалык, реабилитациялык жана башка чараларды пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча системалуу иштерди уюштуруу.