Цианиддерди жөндөө

Цианиддерди жөндөө

Кумтөр цианидди “Центерра Голд Инк.” кол койгон, Алтын Өндүрүүдө Цианидди Даярдоо, Ташуу жана Колдонуу боюнча Эл аралык Цианид Жөндөө Кодекси (Цианид Коду) менен жөнгө салат.

Эл Аралык Цианид Жөндөө Кодекс Сертификаты

Цианид Коду эл аралык эң мыкты колдонмо катары таанылган. Цианид Коду адамдын ден соолугун коргоого жана айлана-чөйрөгө залака тийгизүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтууга жардам берет. Цианид Кодуна кол койгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн талапка жооп берип жаткандыгын аныктоо үчүн көз карандысыз үчүнчү тарап үч жыл сайын текшерүүдөн өткөрүп турат.

Кумтөр Цианид Кодунун эрежелерин жана тажрыйба үлгүлөрүн өзүнүн Ден соолук, Коопсуздук жана Айлана-чөйрөнү коргоо системалары менен айкалыштырат.

2019-жылдын июнь айына карата цианидди пайдалануу кодексине дээрлик 186 компания (мүчө) кол койгон. Алардын катарына, дагы башка 47 алтын кен компаниялары менен бирге, “Центерра Голд” компаниясы да кирет.

Further

pdf«Кыргыз Республикасында, Барскоон суусунун аймагында 1998-жылы 20-майда болгон цианид төгүлүүсүнүн кесепеттери» боюнча отчет англис тилинде жана расмий эмес котормодогу орус тилинде