2022-жылы алтын өндүрүүнүн болжолдуу көлөмү 555 миӊдей унция же 17,3 тонна мерчемделет.
Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртыш ачуу иштерине чыгымдарды эсепке албаганда, 2022-жылы 350 миллион АКШ долларын түзүшү керек.
2022-жылдын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жалпы 195,2 млн АКШ доллары суммасында төлөө пландаштырылууда.
«Кумтөр» кенинин минералдык-сырьелук базасын көбөйтүү максатында геологиялык чалгындоо иштерине сарптоолор 12,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө пландаштырылууда.
Өлкөнүн ири компаниясы катары, ар кандай кызыктар тараптардын ишеничин актоо үчүн, биз адамдардын түркүн муктаждыктарын, баалулуктарын жана маданиятын сыйлап, жогорку деңгээлдеги ачыктыкта иш жүргүзөбүз.