ИНЖЕНЕРДИК–ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

ИНЖЕНЕРДИК–ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

Жарыяланган: 15 April 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 30.04.2024, 16:00го чейин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Инженердик – геологиялык бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун «Маркшейдердик иш», «Кенди ачык казып алуу», «Пайдалуу кендерди жер астында казып иштетүү», « Кен казып алуунун физикалык процесстери»; «Минералдык ресурстардын геологиясы», «Гидрогеология». багыттарынын бири боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

  • Студенттер инструменттерди, аспаптарды жана алардын колдонулушун өздөштүрүшү жана изилдеши керек болот;
  • Өндүрүш процесстерин изилдөө боюнча маалымат базасын жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча жалпы түшүнүктөр;
  • Геодезиялык аспаптарды колдонуу менен коопсуз маркшейдерлик съемкаларды жүргүзүү жана түшүрүү;
  • Жардыргыч заттар жөнүндө жалпы түшүнүктөр менен таанышуу.
  • Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шламдын үлгүлөрүн алуу методологиясын изилдөө, рудалык денелерди маркировкалоо жана сактоо;
  • Карьердин капталдарына байкоочу пункттарды орнотуу жана маркшейдерлөө, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана изилдөө боюнча нускамаларга ылайык иштерди коопсуз аткаруу.

Практиканын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү практика
  • Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
  • Өтүүчү жери – Кумтөр кени
  • Графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30-апрелинде 16:00 дон кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.