БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 26 April 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 13.05.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Администрация бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Юриспруденция, Мейманкана туризми, Филология, Эл аралык укук, Экономика адистиги боюнча жогорку билим;
  • Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
  • Тыкандык, тактык;
  • Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү;
  • Стресске турктуулук жана сылыктык.

Милдеттери:

  • Телефон байланышын камсыз кылуу, кабыл алынган билдирүүлөрдү жазуу жана аларды компаниянын кызматкерлерине жеткирүү;
  • КГКга келгендердин жана коноктордун эсебин жүргүзүү;
  • Көзөмөл жүргүзүү жана чайканаларды жана дааратканаларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу;
  • «Маалымат тактасында» маалыматтын жаңылануусуна көзөмөл жүргүзүү;
  • Жетекчинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткаруу;
  • Келүүчүлөрдү ыкчам жана маданияттуу тейлөө, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • Ар кандай документтерди көчүрүү, сканерлөө жана мукабалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • Эвакуациялоодо зарыл болгон жумушчулардын тизмесин тактоо;
  • Кызматкерлердин кеңседе жайгашкан жери боюнча файлды ай сайын жаңыртып туруу;
  • Кеңсе буюмдарын жана продуктыларды көзөмөлдөө жана заказ кылуу;
  • Кызматкерлерге ыйгарылган инвентарлык буюмдарды эсепке алууну киргизүү;
  • Отуруу схемасын көзөмөлдөө;
  • Бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 13-майы, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.