КУМТӨРДҮН АТА-МЕКЕНДИК ИШКАНАЛАРДАН САТЫП АЛУУЛАРЫ 39% ЖЕТТИ

КУМТӨРДҮН АТА-МЕКЕНДИК ИШКАНАЛАРДАН САТЫП АЛУУЛАРЫ 39% ЖЕТТИ

Жарыяланган: 23 April 2024

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири ишканалардын бири. Өндүрүштүк жана чарбалык муктаждыктары үчүн компания жыл сайын жүздөгөн ата-мекендик жана чет өлкөлүк товар жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен тыгыз кызматташып келет.

Өндүрүштү үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Кумтөр дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн ар кандай тармактагы жүздөгөн компаниялар менен иштешет. Кеңсе буюмдарынан тартып, татаал жабдыктар, тетиктер, химиялык реагенттер, тамак-аш азыктарына чейинки заттар менен өз убагында камсыздоо – ишкананын ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү бөлүгү.

2022-жылы Кумтөр мамлекет ээлигине өткөндөн бери, жыл сайын жергиликтүү сатып алуулардын саны өсүүдө. Бул багытта Президент Садыр Жапаров тарабынан конкреттүү милдеттер коюлуп, ишкана жетекчилиги жергиликтүү өндүрүүчүлөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө артыкчылык берген жаңы стартегия кабыл алган. Натыйжада 2023-жылга карата «Кумтөр Голд Компанинин» ички сатып алуулардагы үлүшү 39 пайызга жетти. 2022-жылы бул көрсөткүч 24 пайызды, ал эми 2021-жылы болгону 16 пайызды түзгөн.

Кумтөр жергиликтүү өндүрүүчүлөр, бизнесмендер менен максималдуу түрдө иштешүүгө багыт алганын айткан ишкананын Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Ирина Кузьмина:

“Бүгүнкү күндө ата мекендик ишканалар  менен болгон кызматташтыгыбыз 39 пайызга жетти. Биз үчүн бул чек эмес. Бул багытта тынымсыз алдыга жылып атабыз, өнөктөштүккө чакырып атабыз. Ошол эле тамак-аш, курулуш материалдарын сатып алууда, IT технологияларын колдонууда, илимий изилдөө иштеринде мамлекеттик мекемелерге, кыргызстандык ишканаларга басым жасалууда. Мындан ары жергиликтүү бизнеске дайыма артыкчылык берилет” – деди.

Кыргызстандык ишканаларга басым жасоо – жергиликтүү бизнеске чоң колдоо экенин айткан экономика илимдеринин кандидаты, серепчи Ялкун Даутов:

“Кумтөрдүн улуттук ишканалар менен көбүрөөк кызматташып жатканы абдан жакшы көрүнүш. Биринчиден, салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн өстүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Кумтөр өзүнчө салык төлөсө, аны менен иштешкен ишканалар өзүнчө салык төгүшөт. Ошону менен бирге бир топ жарандарыбызды  жумуш орундары менен камсыз кылып жатат”-деди.

Кошумчалай кетсек, акыркы 2 жылдан бери компанияда каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча олуттуу аракеттер жасалууда. Былтыр, 2023-жылы “Кумтөр Голд Компани” сатып алууларда өндүрүүчүлөр менен ортомчуларсыз түз келишим түзүү жана кошумча жеңилдиктерди алуу аркылуу 15 млн 86 миң 585 АКШ долларын үнөмдөөгө жетишкен. Ошондой эле запастагы заттарды туура пайдалануудан 6 млн 485 миң 204 АКШ доллары үнөмдөдү.