ЖЕР АСТЫНДА КАЗЫП ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

ЖЕР АСТЫНДА КАЗЫП ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

Жарыяланган: 15 April 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 30.04.2024, 16:00го чейин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Жер астында казып иштетүү бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун «Жер астында казып иштетүү», «Маркшейдерлик иш» же тиешелүү адистиктер боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болот;
  • Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

  • Жер астындагы кендерди казып алуунун ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү жана үйрөнүү (бургулоо жана жардыруу паспортторун түзүү, бекитүү жана вентиляция, туруктуу жана убактылуу таянычтарды орнотуу, маркшейдердик жумуштар);
  • Сурамжылоо жүргүзүүдө жана тиешелүү документтерди жана маалыматтарды иштеп чыгууда жардам көрсөтүү;
  • Негизги техникалык мүнөздөмөлөрү жана кен казуу иштерин коопсуз казуунун ыкмалары менен таанышуу.

Практиканын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү практика
  • Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
  • Өтүүчү жери – Кумтөр кени
  • Графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30апрелинде 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.