ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨРДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКТЕ АРЧА ТИГИШТИ

ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨРДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШЕМБИЛИКТЕ АРЧА ТИГИШТИ

Жарыяланган: 27 April 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун кызматкерлери ишембиликте Бишкек шаарынын четиндеги «Салкын-Төр» жаңы конушуна жанаша жайгашкан аймакты иретке келтирип, виргин арчаларынын көчөттөрүн отургузушту.

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, бүгүнкү ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин уландысы болуп саналат.

«Бишкек – өлкөбүздүн жүзү. Демек, сүйүктүү шаарыбызды жакшыртууга, ыңгайлуу шарт түзүүгө бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Бүгүнкү тигип жаткан арчаларыбыз келечекте шаарыбыздын көркүнө көрк кошот деп ишенебиз”-деди ишкана башчысы.

Маалымат үчүн: Виргин арчасы (лат. Junīperus virginiāna) – кипарис түрүнүн арча тукумундагы дарактардын бир түрү. Арчанын бул түрү табигый шартта Түндүк Америкадан тартып Мексика булуңуна чейинки аймактарда кеңири жайылган. Абдан кооз жана бат өсөт.