БУРГУЛОО ЖАНА ЖАРДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

БУРГУЛОО ЖАНА ЖАРДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

Жарыяланган: 15 April 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 30.04.2024, 16:00го чейин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Бургулоо жана жардыруу бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун «Жардыруу», «Ачык тоо-кен иштери», «Пайдалуу кендерди жер астынан казып алуу» багыттарынын бири боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

  • Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздуктун жалпы талаптарын изилдөө;
  • Жардыруу иштеринин жалпы түшүнүктөрү, тоо тектердин физикалык-механикалык касиеттеринин жана бургулоо жана жардыруу параметрлеринин жарылуунун сапатына тийгизген таасири менен таанышуу;
  • Жардыруу скважиналарын заряддоо үчүн жабдууларды жана технологияларды изилдөө;
  • Тажрыйбалуу адистин көзөмөлү астында скважиналарды бургулоо;
  • Жардыргыч заттарды даярдоо процессин изилдөө;
  • Жардыруу учурунда коопсуз аралыкты аныктай билүү;
  • Эсептөөлөрдү, бургулоо жана жардыруу долбоорлорун жана паспортторун даярдоо;
  • BlastMaker программасы менен таанышуу;
  • Kobus жана Minesense системаларынын иштөө принциби менен таанышуу.

Практиканын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү практика
  • Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
  • Өтүүчү жери – Кумтөр кени
  • Графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30апрелинде 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.