КЕН ИШКАНАСЫН ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 18 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-декабры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында кен ишканасын тейлөө жана атайын долбоорлор бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Курулуш, өнөр жай жана жарандык курулуш, архитектура, имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, имараттардын жана курулмалардын инженердик системалары жана коммуникациялары, ошондой эле курулуш тармагындагы башка тектеш багыттар боюнча жогорку техникалык билимге ээ болуу;
- Microsoft Office, AutoCAD жана BIM программалык камсыздоолору менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу;
- Долбоорлоо, курулуш жана курулуш долбоорлорун башкаруу чөйрөсүндө кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө умтулуу;
- Жоопкерчилик, аткаруучулук, кылдаттык, командада натыйжалуу иштей билүү жана такшалма программасынын бекитилген графигин так сактоого даяр болуу;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
Милдеттер:
- Технологиялык жабдуулар жана аларды долбоорлоонун негизги принциптери менен таанышуу;
- Геодезиянын негиздерин өздөштүрүү;
- Курулуш тилкесинин устасынын кызматтык милдеттери менен таанышып, аларды өздөштүрүү;
- Техникалык көзөмөл боюнча инженердин жана пландаштыруу боюнча инженердин негизги функциялары менен таанышуу;
- Кран чарбасы бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу;
- Талаа шартында иш алып барган адистердин: механиктердин, электриктердин, сантехниктердин жана жыгач усталардын иши менен таанышуу;
- Оңдоо-курулуш иштерин аткарууга тартылган подряддык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө катышуу;
- Долбоорлоо үчүн эскиздик схемаларды даярдоого катышуу;
- Долбоорлоо жана курулуш боюнча техникалык тапшырмаларды түзүүгө катышуу;
- Курулуш жана оңдоо иштерине керектүү материалдарды буйрутма берүү процессине катышуу;
- Материалдарды сатып алуу боюнча техникалык тапшырмаларды даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Материалдарга, жабдууларга жана жумуштарды аткарууга байланыштуу буйрутмалардын аткарылыш абалын ыкчам көзөмөлдөөгө катышуу;
- Курулуп бүткөн объекттер боюнча аткаруу схемаларын даярдоого катышуу;
- Курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү долбоорлорун ППР иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
- Архивдик документациялар менен иш алып барууга көмөк көрсөтүү;
- Кенди тейлөө жана атайын долбоорлор бөлүмүнүн карамагындагы жабдууларды техникалык тейлөө боюнча оңдоо жана профилактикалык иштерди пландаштырууга катышуу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалма графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 2-декабрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.