ИНФРАСТРУКТУРА ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНФРАСТРУКТУРА ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 January 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Инфраструктура жана Коммуникациялар бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Маалыматтык технологиялар багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз).
  • Адистиги боюнча такшалмадан өткөн же тажрыйбасы бар болуусу артыкчылык болуп саналат;
  • Бир эле учурда бир нече ар кандай маселелерди чечүү жана алардын ортосунда тез которулуу мүмкүнчүлүгү.
  • Стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк – чоң көлөмдөгү маалымат менен күрөшүүгө жөндөмдүүлүк;
  • Техникалык жана системалуу ой жүгүртүү жөндөмү.
  • Окууга жана кесиптик өнүгүүгө умтулуу.

Милдеттери:

  • Сервердик, компьютердик жана перифериялык жабдууларды тейлөө жана конфигурациялоо;
  • Программаны тейлөө жана конфигурациялоо;
  • Компаниянын кызматкерлерине техникалык колдоо көрсөтүүгө көмөктөшүү;
  • МТ активдерин инвентаризациялоодо жардам көрсөтүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 2-февралында саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.