ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ 3–4-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАНДОО

Жарыяланган: 15 April 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 30.04.2024, 16:00го чейин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Геологиялык чалгындоо бөлүмүнө 2024-жылдын жайкы практика программасына 3–4-курстун студенттерин тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун геология адистиги боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (4-курс 5 жылдык окуу мөөнөтү үчүн эсептелинет);
  • Геология, минералогия жана петрография, стратиграфия жана тектоника негиздерин билүү;
  • Микроскоп менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүн билүү;
  • Графикалык редакторлордун биринде иштөө (AutoCAD, MapInfo ж.б.)
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Чет тилдерди билүү артыкчылык болот;
  • Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Жакшы физикалык формада, медициналык тараптан бийик тоолуу кенде иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

  • Практиканын биринчи нөөмөтүндө геологиялык иштерди жүргүзүүнүн методдорунун түрлөрү (теориялык жана практикалык курстар) менен таанышуу;
  • Кумтөр кенинин иши, Геологиялык чалгындоо башкармалыгынын иши менен таанышуу;
  • Ар кандай лабораториялык анализдер үчүн тоо тектерин жана минералдарын тандоого байкоо жүргүзүү жана катышуу;
  • Геологиялык карталардын жана участоктордун фрагменттерин ушул максаттарда кенде колдонулган Программалык камсыздоону колдонуу менен түзүүнү үйрөнүү;
  • Скважиналардын геологиялык жана геотехникалык өзгөчөлүктөрүн документтештирүүнү жана жер үстүндөгү кен иштетүүнү үйрөнүү;
  • Жайкы практиканын жыйынтыгы боюнча акт түзүү үчүн геологиялык материалдарды чогултуу жана үлгүлөрдү чогултуу.

Практиканын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү практика
  • Мөөнөтү – 31.08.2024 чейин
  • Өтүүчү жери – Кумтөр кени
  • Графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 30апрелинде 16:00 дон кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.