«Кумтөр» турак лагерь үчүн эмеректерди жеткирүү (даярдоо) боюнча коммерциялык сунуштарды алганга кызыкчылыгы тууралуу билдирет

«Кумтөр» турак лагерь үчүн эмеректерди жеткирүү (даярдоо) боюнча коммерциялык сунуштарды алганга кызыкчылыгы тууралуу билдирет

Жарыяланган: 20 March 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК


Кеңири тизме бул жерде көргөзүлгөн.

Толук коммерциялык сунуштар 2014-жылдын 4 апрель айына чейин жазуу түрүндө жана сунуш ээсинин расмий мөөрү менен бекитилген А4 форматындагы чапталган конвертте «Жергиликтүү сатып алуулар боюнча жетекчиси үчүн» деген жазуу белгиси менен кабыл алынат.

Коммерциялык сунуштар төмөнкүлөрдү камтышы, бирок алар менен чектелбеши керек:
– сунушталган продукциялардын спецификациялары жана фотосүрөттөрү менен шайкеш келүүсү тууралуу макулдук;
– Сунуш ээсинин ишмердигин, уюштуруучуларын жана негизги жетекчилерин алардын иш тажрыйбасын көрсөтүү менен камтыган кыскача маалымат;
– сунуш ээсинин мамлекеттик каттоосун тастыктаган документтер;
– бардык төлөнүүгө тийиш салыктарды чогуу камтыган баалар;
– продукцияны жана материалдарды чыгарган өлкө жана жери жөнүндө маалымат;
– сапат жана шайкештик тастыктамалар;
– жеткирүү мөөнөтү;
-КГКнын талабы боюнча иш аткаруу графиги боюнча иштөөгө даярдык;
– Бишкек шаары ичинде, Балыкчы шаарына же Кумтөр кенине чейин жеткирип берүү баалары;
– Кумтөр лагеринде продукцияны чогултуу;

Сунуштар КГКнын процедураларынын төлөө боюнча талаптарын эске алууга тийиш, анткени бул талаптарга ылайык товарды алгандан кийин 7 (жети)-күндүк мөөнөттө төлөө каралган. Товарлар КГКнын Бишкектеги складына жеткирилип берүүгө тийиш.
КГК түшкөн ар бир коммерциялык сунушту толук бойдон же толук эмес түрдө кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат. КГК товарды эң төмөнкү бааны сунуштаган сунуш ээсинен сатып алууга милдеттенбейт. Баардык талаптарга ылайык келген талапкерлерге гана билдирүү берилет.
Кызыкдар тараптар бардык суроолор боюнча КГКнын Жабдуу бөлүмүнө төмөнкү факс: +996 312 592050 же электрондук почта: Kumtor_localbuyer@kumtor.com аркылуу кайрыла алышат.