ДҮЙШӨН КАМЧЫБЕКОВ: КАНДАЙ БОЛГОНДО ДА, ТОО-КЕН ТАРМАГЫ ЭКОНОМИКАНЫН ЛОКОМОТИВИ БОЙДОН КАЛУУДА

ДҮЙШӨН КАМЧЫБЕКОВ: КАНДАЙ БОЛГОНДО ДА, ТОО-КЕН ТАРМАГЫ ЭКОНОМИКАНЫН ЛОКОМОТИВИ БОЙДОН КАЛУУДА

Жарыяланган: 08 April 2024

Дүйшөн Камчыбеков, Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору:

– Апрелдин биринчи жекшембиси – кыргыз геологдорунун күнү. Геологдор жер алдындагы кен байлыктарды таап, экономикага эбегейсиз салым кошот, бирок тармакты өнүктүрүүгө мурда мамлекеттик бюджеттен жылына болгону 20 млн гана сом бөлүнүп келген.

Азыркы бийлик тоо-кен тармагына бир миллиард сом бөлдү, анын басымдуу бөлүгү техника жана ар кандай заманбап аспап, шаймандарды алууга жумшалат, ошондуктан жылдар бою түзүлүп келген абал бир топ жакшырууда. Кумтөр ишканасы мамлекеттин колуна өткөндөн бери тармакта тартип орнотулду.

Кумтөрдүн өзүндө мурдагыдай кенди ачык түрдө казуу менен бирге жер алдынан кен казуу долбоору да башталды. Негизи кенде курамы алтынга бай жана кедей бөлүктөрү болот. Технологиялык мындай учурду да сөзсүз эске алуу керек. Кээ бир жерлерде алтындын көлөмү көбүрөөк, айрым жерлерде азыраак болуп калат. Азыраак болуп калганда, алтын өндүрүүнүн көлөмү да азайып, коюлган жылдык план аткарылбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, кошумча жер астынан алтын казуу долбоорун баштап жаткандары абдан жакшы көрүнүш.