CТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

CТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИЯЛЫК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 27 October 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Cтратегиялык өнүктүрүү жана операциялык мониторинг бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Өнөр жай жана жарандык курулуш” (артыкчылык берилет), “тоо-кен өндүрүшү”, “Энергетика” багыттарынын бири боюнча жогорку билим;
  • AutoCAD и MS Office программаларын билүү;
  • Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Сапаттары: демилгелүүлүк, эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болот.

Милдеттери:

  1. Курулуш объекттерин техникалык көзөмөлдөө жана курулушта уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча бөлүмдүн ишине көмөк көрсөтүү;
  2. Долбоор боюнча инженерлердин иштери, инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери менен таанышуу;
  3. Долбоорлорду ишке ашырууда долбоордук документ жүгүртүүгө көмөк көрсөтүү, документтерди сканерлөө, долбоордук документтердин бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
  4. Архивди системалаштырууга жана бөлүмдүн документтерин архивдөөгө көмөк көрсөтүү;
  5. Шаар куруу жана архитектура жаатындагы, тоо-кен өндүрүшү, металлургия жана калдык чарба тармагында ченемдик укуктук базаны сактоо боюнча иш ыкмалары изилдөө жана түшүнүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш.
  • Жумуш графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 09-ноябрында саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.