БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 16 August 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин администрация бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку билими жөнүндө диплом (ар кандай профилдеги), иш стажы жок;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү;
  • Инициативдүү жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон умтулуу;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык жана тактык;
  • Стресске чыдамдуулук жана сылыктык;
  • Кыргыз, орсу жана англис (базалык) тилдерин билүү.

Милдеттери:

  • Телефон байланышын камсыз кылуу. Билдирүүлөрдү кабыл алуу, жазуу жана аларды компаниянын кызматкерлерине жеткирүү;
  • Келген адамдардын жана коноктордун эсебин жүргүзүү;
  • Чай ичүү бөлмөлөрүн жана дааратканаларды зарыл нерселер менен камсыздалышын көзөмөлдөө;
  • Маалымат тактасындагы маатыматтардын актуалдуулугун көзөмөлдөө;
  • Жетекчинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткаруу;
  • Компания тарабынан өткөрүлгөн жыйындарды, кеңешмелерди жана иш-чараларды даярдоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүү;
  • Конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү менен аларга натыйжалуу жана сылык кызмат көрсөтүү;
  • Корпоративдик иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу, ар кандай документтерди сканерлөө;
  • Ай сайын кеңседеги кызматкерлердин жайгашкан орундары боюнча маалыматты жаңыртуу;
  • Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
  • Ички эмгек тартибинин эрежелерин (Компаниянын жоболорун) сактоо;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 29-августу саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.