БИР ЖЫЛДЫК МӨӨНӨТКӨ LUMION ЛИЦЕНЗИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУ БОЮНЧА

БИР ЖЫЛДЫК МӨӨНӨТКӨ LUMION ЛИЦЕНЗИЯЛАРЫН САТЫП АЛУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 13 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди бир жылдык мөөнөткө Lumion лицензияларын сатып алуу боюнча баа сунуштарын суроо ыкмасы менен тандоого катышууга чакырат.

Сатып алуунун предмети 1 даана Lumion Standard лицензиясын сатып алуу
Техникалык тапшырма: Техникалык тапшырма № 1 тиркемеде келтирилген жана ушул баа сунуштарын суроонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Берүү форматы: Катышууга табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш (баалар таблицасы кошумча .xlsx форматында да берилсин).

Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Сунуштарды берүү тартиби Катышуучулар тандоонун талаптарына ылайык орус тилинде катышууга табыштамады даярдап, зарыл документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 20-июлу, саат 14:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.

Башка электрондук дарекке келип түшкөн коммерциялык сунуштар каралбайт.

Катышуучу Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырмага ылайык табыштамадын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: Төмөнкүлөрдү эске алуу менен коммерциялык сунуш:

∙ Иштерди аткаруу мөөнөттөрү

∙ Төлөө шарттары

∙ Коммерциялык сунуштун колдонуу мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн, мүмкүн болушунча максималдуу)

Жеткирилүүчү товарларга, аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга коюлуучу талаптар Өндүрүүчүнүн же авторизацияланган өнөктөштүн расмий документтери менен ырасталган Lumion программалык камсыздоосун жеткирүү укугунун болушу.
Баалоо критерийлери: Бардык квалификациялык талаптарга жана ТТ шарттарына жооп берген жана эң оптималдуу шарттарды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.
Темасы: «Lumion Standard лицензиясын сатып алуу боюнча КС» көрсөтүлгөн сунушту электрондук почта аркылуу Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 20-июлу, саат 14:00дөн кечиктирбестен жөнөтүү керек.
Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта болууга тийиш.
Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экенин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүндө ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА