АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 22 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 1-июлу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери үчүн азык-түлүк жеткирүү боюнча чектөөсүз эки баскычтуу конкурска катышууга чакырат жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларды тапшырууну сунуштайт:

Лот № 20 – Ынак сүт, ультрапастерленген, тетрапакта, майлуулугу 2,5%.
Ультрапастерленген ичүүчү каймак, майлуулук үлүшү 20%.

Сиздердин сунуштар тиркелген документтер, кошумчалар жана баа сунуштары менен бирге коммерциялык сунуштарды жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга бардык ыйгарым укуктары бар адам(дар) тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилсин, документтерди берүү форматы – PDF болушу керек.

Документтерге кол коюу укугу ыйгарылган адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же ошол укуктарды тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Тандоого катышууну каалагандар №2, №3, №4, №5 тиркемелерге ылайык формаларды толтурушу керек, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеши керек жана электрондук түрдө электрондук почтага жөнөтүшү керек.

Катышуучулар конкурска катышуу үчүн өз табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек, ар бир каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.

Каттын темасын төмөнкүдөй көрсөтүлүшү керек: биринчи пакет үчүн – «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»; экинчи пакет үчүн – «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]», жана төмөнкү дарекке жөнөтүш керек: produkty2026_4@kumtor.kg

Конкурстук табыштаманы тапшыруу тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте тапшырышы керек, мында эки пакет тең бир убакта берилиши керек:

  • Пакет №1 – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз тапшырылат);
  • Пакет №2 – коммерциялык сунуш (файл сырсөз аркылуу ачылышы керек жана биринчи баскычта ачылбайт, сырсөз Буйрутмачы электрондук почта аркылуу сурам жөнөткөндөн кийин берилет).

1. Биринчи баскыч – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо катышуучунун төмөнкү документтерин кароону камтыйт:

  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы эки жылдык келишимдердин көчүрмөлөрү);
  • Проверку соответствия предоставленных документов согласно требованиям в Техническом задании;
  • Берилген документтердин Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештиги текшерүү;
  • Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз жоктугу тууралуу маалымкаттардын түп нускаларынын скан-көчүрмөлөрү (МСК, Соцфонд);
  • КР Юстиция Министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын скан-көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн — ЖИ катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, мында ишмердүүлүк түрү сатып алуунун предметине дал келиши керек);
  • Уставдын түп нускасынын скан-көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн берилет);
  • Документтерге кол коюу жактын ыйгарым укугун ырастаган ишеним кат же башка документ;
  • Кол койгон адамдын паспортунун скан-көчүрмөсү;
  • Акыркы 2024 жана 2025-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланс (киреше жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) түп нускасынын скан-көчүрмөсү, ошондой эле БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл ичинде, учурдагы жылды кошо алганда);
  • Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация, (Чакыруунун №2 тиркемесинин формасына ылайык);
  • Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыруунун №3 тиркемесинин формасына ылайык);
  • Конкурстук табыштама (Чакыруунун №4 тиркемесинин формасына ылайык).

1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка өткөрүлгөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Төмөнкү учурларда катышуучулар экинчи баскычка өткөрүлбөйт:

  • документтердин толук топтомун бербегендер;
  • биринчи пакет менен кошо коммерциялык сунушту сырсөзсүз берген же сырсөздү алдын ала жөнөткөн катышуучулар;
  • Буйрутмачынын сурамынан кийин экинчи пакеттин сырсөзү берилбеген учурда;
  • Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация, (Чакыруунун №2 тиркемесинин формасына ылайык) кол коюлуп берилбеген учурда;
  • Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыруунун №3 тиркемесинин формасына ылайык) кол коюлуп берилбеген учурда;
  • Конкурстук табыштама (Чакыруунун №4 тиркемесинин формасына ылайык) кол коюлуп берилбеген учурда;
  • Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин документтерди тапшырган катышуучулар;
  • Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитациядан өтпөгөн катышуучулар.

1.4. Буйрутмачы өз каалоосу менен көчмө инспекциясы жүргүзүүгө укуктуу.

  1. Экинчи баскыч – Конкурстук табыштаманы баалоо

2.1.Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катыша алышат.

2.2. Катышуучунун баалык сунушу Чакыруунун №5 тиркемесинин формасына так ылайык толтурулат.

  • Эгерде катышуучу баалык сунушту көрсөтүлгөн Чакыруунун №5 тиркемесинин формасына ылайык бербесе, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3.Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык табыштама берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

2.4. Ар бир лот боюнча сурамда көрсөтүлгөн мүмкүн болушунча көп позициялар боюнча бааларды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.

2.5. Катышуучу көрсөткөн продукциянын наркы бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдарды, Буйрутмачынын кампасына чейин жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү, ошондой эле келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык кошумча чыгымдарды (тейлөө мезгилин жана коштоочу кызматтарды кошо алганда) камтышы керек.

  • Баалоо критерийлери: Белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.
  • Баалык сунушту баалоо КНСти эсепке албастан жүргүзүлөт.
  • Лот бөлүнгүс болуп саналат.
  • Тандалган негизги жеткирип берүүчү менен жеткирүү келишими түзүлөт. Келишим талаптагыдай аткарылбаган учурда же бааны жогорулатуу жөнүндө билдирүү берилгенде, Буйрутмачы резервдик жеткирип берүүчүгө кайрылууга укуктуу.
  • Резервдик жеткирип берүүчү менен алкактык келишим түзүлөт.

Келишимдин аткарылышын кепилдөөчү камсыздоо (мындан ары – КАКК) 

  • Келишим түзүү укугуна ээ болгон катышуучу конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КАКК киргизиши керек.
  • Жеңүүчү катышуучу КАКК киргизүүдөн баш тарткан учурда, Буйрутмачы кийинки катышуучу менен — резервдик жеткирип берүүчү менен келишим түзүүгө укуктуу.
  • КАКК төмөнкү учурларда Буйрутмачынын ырастоосунун негизинде жеткирип берүүчүгө 7 (жети) жумушчу күндөн кечиктирбестен кайтарылат:
  • Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде кепилдик милдеттенмелер аткарылган учурда;
  • Форс-мажор жагдайларына байланыштуу келишим токтотулган учурда.
  • КАКК төлөө үчүн банк эсеп реквизиттери Чакыруунун №7 тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «01» июлу, саат 10:00гө чейин.

  • Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өз сунушун берүү менен катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Чакыруунун №6 тиркемесине ылайык келишим шарттарына макул экендигин билдирет.
  • Ар бир катышуучу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат.
  • Табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор жаралган учурда катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн Olga.Turkovskaya@kumtor.kg электрондук дарегине кайрыла алат, бирок табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 жумуш күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. Жооп суроо алынган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен ошол эле электрондук почтага жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда Буйрутмачы ушул Чакырууга толуктоолорду чыгаруу жолу менен конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу, бирок кандай болгон учурларда дагы бул акыркы мөөнөткө чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирилбеши керек.

Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы датасын кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу. Бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган Буйрутмачынын расмий сайтына https://www.kumtor.kg/ru/ жарыялоо жолу менен кабарлайт.

Буйрутмачы келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин жокко чыгарууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР