Жарыяланган: 21 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-апрели, саат 10:00
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери үчүн азык-түлүк продуктуларын жеткирип берүү үчүн эки баскычтан турган чектелбеген конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат:
Сиздин сунуштарыңыз тиркелген документтер, тиркемелер жана баалар боюнча сунуштар менен бирге келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга толук ыйгарым укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлуп, мөөр менен бекитилиши керек; документтер PDF форматында берилиши зарыл.
Документтерге кол коюучу адамдын (адамдардын) кол коюу ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Тандоо процессине катышууну каалагандардын баары Чакырууга тиркелген №2, №3, №4, №5 тиркемелерге ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө электрондук почта дарегине жөнөтүүсү керек.
Катышуучулар конкурска катышуу үчүн өз табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт; ар бир каттын көлөмү 25 MBдан ашпашы керек.
Каттын темасында биринчи пакет үчүн «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]», ал эми экинчи пакет үчүн «Баа сунушу [компаниянын аталышы]» деп көрсөтүлүшү керек; каттар төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: produkty2026_3@kumtor.kg
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтом түрүндө беришет, мында эки топтом тең бир убакта тапшырылат:
1. Биринчи баскыч – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо катышуучунун төмөнкү документтерин кароону камтыйт:
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгында экинчи баскычка өткөрүлгөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде (чыгып баруу менен) текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.
2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катыщууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №5 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
2.3. Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген жана баа/сапат катышы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.
2.4. Артыкчылык, ар бир Лот боюнча суроо-талапта позициялардын максималдуу саны үчүн бааны сунуштаган Катышуучуга берилет.
2.5. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Баалоо критерийлери: Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.
Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенменин өлчөмү жана формасы (мындан ары – КАКМ)
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «29» апрели, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00 чейин.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Olga.Turkovskaya@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.