Жарыяланган: 16 September 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-сентябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО
Автотранспорт каражаттарын жууп-тазалоо кызматтарын көрсөтүү боюнча
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК кызыкдар компанияларды автотранспорт каражаттарын жууп-тазалоо кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат.
Катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
Кызмат көрсөтүүнүн негизги шарттары
Кызматтар Бишкек шаарында жайгашкан стационардык автожуу комплексинде көрсөтүлүүгө тийиш.
Кызмат көрсөтүүчү зарыл билимге, тажрыйбага, квалификациялуу персоналга, ошондой эле кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык уруксат берүүчү документтерге, лицензияларга, сертификаттарга жана башка документтерге ээ болууга тийиш.
Келишим боюнча кызматтардын көлөмү туруктуу болуп саналбайт жана Заказчынын иш жүзүндөгү муктаждыгына жараша аныкталат.
Кызмат көрсөтүүчү көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча Заказчынын талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууга, иштердин талаптагыдай сапатын камсыз кылууга жана өз персоналынын аракеттери жана колдонулган жабдуулар үчүн толук жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
Кызмат көрсөтүүчү автотранспорт каражаттарын жууп-тазалоо иштерин сапаттуу жана өз убагында аткарууга, ошондой эле автожуу комплексинин аймагында тазалыкты жана тартипти сактоого милдеттенет.
Автотранспорт каражаты кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлүп берилген учурдан тартып Заказчынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайтарылганга чейин, кызмат көрсөтүүчү анын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Автожуу комплексинин аймагында турган учурда автотранспорт каражатына келтирилген бардык зыян кызмат көрсөтүүчү тарабынан орду толтурулууга тийиш, эгерде мындай зыян транспорт каражаты кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлүп берилгенге чейин эле болгондугу далилденбесе.
Кызмат көрсөтүүчү тейленген бардык автотранспорт каражаттарын тиешелүү реестрде эсепке алууга милдеттүү; бул реестр Заказчы тарабынан текшерүү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
Көрсөтүлгөн кызматтарды эсепке алуу транспорт каражаты, көрсөтүлгөн кызматтын түрү, кызмат көрсөтүлгөн дата жана аткарылган иштердин наркы жөнүндө маалыматтарды камтууга жана эсеп-фактураларды чыгаруу үчүн негиз болуп саналууга тийиш.
Кызматтар үчүн төлөм келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтар боюнча жүргүзүлөт.
Автожуу комплекси Заказчынын автотранспорт каражаттарын жумуш күндөрү тейлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Дем алыш күндөрү жана стандарттык иш убактысынан тышкары кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу артыкчылык болуп саналат.
Коммерциялык сунуштарды берүү мөөнөтү
Коммерциялык сунуштарды 2026-жылдын 23-сентябрында саат 14:00гө чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: [email protected]