АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨ ЖАБДУУЛАРЫ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨ ЖАБДУУЛАРЫ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 September 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Алтын ылгоочу фабрикасынын Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку техникалык билими жөнүндө диплом (багыты: “Электр энергетикасы жана электротехника (РЗиА)”, “контролдук-өлчөөчү приборлор жана аппаратура”, “инженердик системалар АЭУ ТП”, “технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана автоматташтыруу”).
  • Бардык объекттерде, ишканаларда адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практикадан өтүүсү артыкчылык болот;
  • Аспаптар жана өлчөө каражаттары менен иштөө жөндөмдүүлүгү (мультитестер, осциллограф, вольтметр, амперметр);
  • Программалануучу Логикалык Контроллер (PLC) боюнча негизги билим артыкча бааланат;
  • Электр жана электрондук схемаларды окуу, базалык билиминин болушу;
  • Жоопкерчиликтүү, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, деталдарга көңүл буруусу;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, CS Office, Outlook программасын билүү.

Милдеттери:

  • Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк участоктору жана айрым жабдуулары, Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнүн аткарган иштери, иштөө режимдери, өндүрүштүк нускамалар, өлчөө приборлору менен таанышуу;
  • КГК объекттеринде иштеп жаткан жөнөкөй жана татаал контролдук-өлчөө жабдууларынын системаларынан жана аппаратураларынан, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системалары менен таанышуу жана техникалык тейлөөгө үйрөнүү;
  • Бригада курамына ППР аткарууда, Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу бөлүмүнүн приборлорун жана аппараттарын оңдоодо жардам көрсөтүү;
  • Контролдук-өлчөө жабдуулары жана автоматташтыруу боюнча слесарьга жардам көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн: 2023-жылдын 3-октябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.