АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУНУН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУНУН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жарыяланган: 26 March 2024

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү жана кайра иштетүү заводунун иши менен таанышты.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов эки цехтен турган завод учурда тесттик режимде иштеп жатканын билдирип: «Биринчи цехте колдонууга жараксыз автоунаалардын дөңгөлөктөрүнөн түрдүү фракциядагы резина күкүмдөрү жана жогорку легирленген болот алынууда. Ал эми чоң жүк ташуучу техникалардын дөңгөлөктөрүн кайра калыбына келтирүүгө ылайыкталган экинчи цехибизде учурда жабдыктарды орнотуу иштери жүрүүдө.

Заводдун иши менен таанышкан соң, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров заводду тез арада толук кандуу өндүрүштүк кубаттуулукта ишке берүүнү тездетүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле заводдон чыгарылган резина күкүмдөрүнөн Токмок жана Кара-Балта шаарларына балдардын спорт аянттарын тез арада салуу керектигин кошумчалап, “келечекте Кыргызстандын баардык аймагында, 2600 мектептин баарына ушундай спорт аянтачаларын салабыз”-деди.