«А» МАРКАСЫНДАГЫ ТЕХНИКАЛЫК АЦЕТИЛЕНДИ (ГОСТ 5457–85) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

«А» МАРКАСЫНДАГЫ ТЕХНИКАЛЫК АЦЕТИЛЕНДИ (ГОСТ 5457–85) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 27 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-ноябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди «А» маркасындагы техникалык ацетиленди (ГОСТ 5457–85) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Баяндама Саны
“А” маркасындагы техникалык эритилген ацетилен,

GOST 5457–85, 40 л баллон 

100 баллон

 

Тапшыруу форматы: Котировкалык сунуш (мындан ары – КС) PDF форматында болууга тийиш жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлуп тапшырылышы керек
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Тандоонун катышуучулары кыргыз же орус тилдеринде КС даярдап, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек [email protected]  2026-жылдын 2-ноябры саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн сунушталган Коммерциялык Сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: ·       Жеткирүү мөөнөттөрү;

·       Жеткирүү шарттары;

·       Төлөм шарттары;

·       Товарлардын чыгарылган датасы;

·       КС жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болуш керек.

·       Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат берүү.

 

Жеткирүү жери

·       EXW (Жеткирип берүүчүнүн Бишкек шаарындагы кампасынан өз алдынча алып кетүү)

·       DAP же DDP — «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Балыкчы Өткөл Базасы (БӨБ): эгерде Жеткирип берүүчүнүн кампасы Бишкек шаарында болбосо: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Нарын автоунаа жолу, 9.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү деп талаптарга жооп берген жана эң төмөн бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
Темасы: “А” маркасындагы ацетилен деп көрсөтүлгөн сунуштар [email protected] электрондук почта дарегине 2026-жылдын 2-ноябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек.
Буюртмачы КС берген тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин келишим берилгенге чейин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу.
Котировкалык сунуш ишкананын расмий бланкында кол коюу жана мөөр менен таризделиши керек
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана котировка сунушун бере алат.

Котировкалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштарды тандоо учурунда КСка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта аркыуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.