ТОҢДУРУЛГАН ТООК ПРОДУКТУЛАРЫН (ҮЧ МАНЖАЛДУУ ТООК КАНАТЫ) ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 01 October 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 13-октябры, саат 10:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Урматтуу мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр» кенинин кызматкерлерин тамак-аш менен камсыздоо үчүн тоңдурулган тоок азыктарын (үч манжалуу тоок канаты) жеткирүү боюнча чектөөсүз эки баскычтуу конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларын берүүгө чакырат:
- №1 Лот – Тоңдурулган тоок продуктулары (үч манжалдуу тоок канаты).
Тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен бирге сиздин сунуштарыңызга келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга бардык ыйгарым укуктары бар адам(дар) кол коюшу керек, мөөр басылышы керек, документтерди берүү форматы PDF форматында болушу керек.
Кол коючунун документтерге кол коюу укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Тандоого катышууну каалаган ар бир адам чакыруудагы №2, №3, №4, №5 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек.
Катышуучулар өз сунуштарын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт, алардын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Биринчи топтомдун темасы “[Компаниянын аты]нын квалификациялык жана техникалык сунуштары” болушу керек; экинчи топтом үчүн “[Компаниянын аты]нын баа сунушу” төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек prod@kumtor.kg
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомдо тапшырышат, экөө тең бир убакта тапшырылат:
- №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз берилет);
- №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек жана биринчи этапта ачылбайт, сырсөз буйрутмачынын суранычынан кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
1. Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо, катышуучунун төмөнкү документтерин кароону камтыйт:
- Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы 2024-2025 жылдардагы келишимдердин көчүрмөсү);
- Тапшырылган документтерди Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү;
- Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү (МСК, Соцфонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же жарактуу патенттин көчүрмөсү. Мында ишмердүүлүктүн түрү сатып алуунун предметине дал келиши керек);
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- Ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган 2024 жана 2025-жылдар үчүн бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет), ошондой эле БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл ичинде, анын ичинде учурдагы жыл боюнча дагы);
- Конкурстук табыштаманын аткарылышын камсыздоочу декларация (Чакырууга №2 тиркеменин формасы боюнча);
- Ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме жөнүндө декларация (Чакырууга №3 тиркеменин формасы боюнча);
Конкурстук табыштама (Чакырууга №4 тиркеменин формасы боюнча).
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыктары боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Катышуучулар экинчи этапка катыша албайт эгерде:
- белгиленген талаптарга ылайык 1-топтомдун документтерин тапшырбаган катышуучулар;
- биринчи топтом менен коммерциялык сунушту сырсөзсүз жөнөткөн же сырсөздү сураныч түшө электе жөнөткөн катышуучулар;
- буйрутмачынын суроо-талабынан кийин экинчи топтомдун сырсөзү берилбеген учурда;
- конкурстук табыштаманын аткарылышын камсыздоочу кол коюлган декларация жок болгон учурда (чакырууга №2 тиркеменин формасы боюнча);
- ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме жөнүндө кол коюлган декларация жок болгон учурда (чакырууга №3 тиркеменин формасы боюнча);
- кол коюлган конкурстук табыштама жок болгон учурда (чакырууга №4 тиркеменин формасы боюнча);
- чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин документтерди тапшырган катышуучулар;
- буйрутмачынын коопсуздук кызматынын жана финансы бөлүмүнүн аккредитациясынан өтпөгөн катышуучулар.
1.4. Буйрутмачы өзүнүн кароосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.
- Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
2.1. Биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана экинчи баскычка катыша алышат.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемеде көрсөтүлгөн формага так ылайык толтурулушу керек.
- Эгерде конкурстун катышуучусу баа сунушун Чакырууга №5 тиркемеде белгиленген формага ылайык толтурулбаган түрдө жөнөтсө, анын табыштамасы четке кагылат.
2.3. Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштама берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
2.4. Ар бир лот боюнча суроо-талаптагы эң көп позициялар үчүн бааларды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.
2.5. Конкурстун катышуучусу көрсөткөн продукциянын наркы бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутмачынын кампасына чейин жеткирүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү, ошондой эле тейлөө мөөнөтүн жана Келишимде көрсөтүлгөн коштоочу кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка чыгымдарды камтышы керек.
- Баалоо критерийлери: белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.
- Баа сунуштарын баалоо КНСти эсепке албастан жүргүзүлөт.
- Буйрутмачы негизги жана резервдик жеткирип берүүчүнү тандайт.
- Тандалган негизги жеткирип берүүчү менен жеткирүү келишими түзүлөт. Эгер келишим талаптагыдай аткарылбаса же бааны жогорулатуу ниети жөнүндө билдирүү берилсе, Буйрутмачы резервдик жеткирип берүүчүгө кайрылууга укуктуу.
Келишимдин аткарылышын кепилдеген камсыздоонун өлчөмү жана формасы (мындан ары – КАКК)
- Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишимин түзүү укугу ыйгарылган катышуучу жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КАКК киргизүүсү керек.
- Эгерде жеңүүчү катышуучу КАКК киргизүүдөн баш тартса, Буйрутмачы келишимди кийинки катышуучу, башкача айтканда тандалган резервдик жеткирип берүүчү менен түзүүгө укуктуу.
- КАКК Буйрутмачынын ырастоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
- Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери (кепилдик мөөнөтү) толук аткарылган учурда;
- Форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулган учурда.
- КАКК киргизүү үчүн банктык эсептин реквизиттери Чакырууга №7 тиркемеде көрсөтүлгөн.
Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 13-октябры, саат 10:00.
- Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген жана/же талаптарга жооп бербеген конкурстук табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өз сунушун берүү менен катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Чакырууга №6 тиркемеге ылайык Келишимдин шарттарына макул экендигин билдирет.
- Ар бир тандоого катышуучу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат.
- Конкурстук сунуштарды берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралган учурда катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн [email protected] электрондук дареги аркылуу Буйрутмачыга кайрыла алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда кайрылышы керек. Түшүндүрмөлөр суроо-талап келип түшкөн электрондук почта дарегине суроо алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок кандай болгон күндө да 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, кошумчаларды чыгаруу аркылуу ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу. Бул тууралуу Буйрутмачы ушул конкурс тууралуу жарыя жайгаштырылган расмий https://www.kumtor.kg/ru/ веб-сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдайт.
Буйрутмачы сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарганга чейин каалаган убакта конкурстук процессти жокко чыгарууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР