ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 20 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 02.03.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Персоналды башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Жогорку билимдүү: Талапкер жогорку билим жөнүндө дипломго ээ болушу керек;
- Компьютерди жана кеңсе уюштуруучу техникасын ишенимдүү деңгээлде билүү жана колдоно билүү;
- Мамлекеттик жана расмий тилди билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк, көп багыттуу шарттарда иштей билүү, тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу жана убакытты туура башкаруу жөндөмдүүлүгү;
- Стресске туруктуулук;
- Аналитикалык жөндөмдөр;
- Демилгелүүлүк жана жаңы билимге умтулуу: Проактивдүү мамиле жана өнүгүүгө умтулуу.
Милдеттер:
- Кадрдык иштерди жүргүзүү функцияларын аткаруу;
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана архив ишинин негиздерин билүү;
- Тышкы окутууларды уюштурууга катышуу, анын ичинде катышуучулардын эсебин жүргүзүү, төлөмдөрдү жүргүзүүгө керектүү документтерди даярдоо;
- Ички окутууларга кызматкерлерди каттоо. Кызматкерлер жана подрядчылар үчүн окутууларды уюштуруу жана координациялоо;
- Бөлүмдүн маалымат базасын жүргүзүү: Маалымат базасындагы маалыматтарды башкаруу жана жаңылоо;
- Такшалма программасы боюнча көмөк көрсөтүү: Тандоо, документтерди тариздөө, маалымат базасын жүргүзүү;
- Бөлүмдүн отчетторун жана керектүү документациясын даярдоого көмөктөшүү;
- Окутуу программаларын иштеп чыгууда жана жаңылоодо көмөк көрсөтүү;
- Компаниянын ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 02-мартында, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.