АЫФнын ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЫФнын ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА ИНЖИНИРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 21 January 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 04.02.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК АЫФнын Пландаштыруу жана инжиниринг бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдын бүтүрүүчүлөрү арасында тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку техникалык билим (механика боюнча техникалык/инженердик);
  • ТОиР принциптерин негизги түшүнүү (ТО түрлөрү, план/факт, техниканын токтоп туруусу, оңдоо иштери;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болот;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office базалык топтому, Outlook);
  • Документтер жана маалыматтар менен иштөө жөндөмү, иште тактыкты сактоо, ишти өз мөөнөтүндө аткаруу;
  • Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк, регламенттерге ылайык иштөөгө даярдык;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык абалда жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.

Милдеттер:

  • Бекитилген участоктогу ТТК (техникалык тейлөө жана оңдоо) пландарын/графиктерин (жумалык, айлык) түзүүгө жана актуалдаштырууга катышуу;
  • Жумуштарга наряддардын/тапшырмалардын долбоорлорун (караланган) даярдоо жана жумуштар боюнча документтер топтомун комплекттөө, архивдөө;
  • Бөлүм үчүн отчетторду даярдоо (ТТК планын аткаруу, четтөөлөр, жылдыруунун себептери, ресурстарга болгон муктаждык);
  • Түздөн-түз жетекчинин тапшырмаларын аткаруу.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • 2026-жылдын 4-февраль күнү, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.