ДИЕТОЛОГ (Кумтөр кени)

ДИЕТОЛОГ (Кумтөр кени)

Жарыяланган: 23 June 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

ДИЕТОЛОГ (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-90

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Рационалдуу жана баланстуу тамактанууну уюштуруу жана колдонуу;
  • Кызматкерлер үчүн даярдалган меню, тамак-аш картотекасын түзүү боюнча колдонмо;
  • Рационалдуу жана дарылык тамактануу маселелери боюнча кеңеш берүү;
  • Рационалдуу жана дарылоо тамактануу натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
  • Тамак-аш даярдоо блогунун ишин системалуу контролдоо;
  • Диеталык рациондун химиялык курамын эсепөө;
  • Медициналык офистин врачтарына диетотерапияга караштуу консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүү;
  • Кызматкерлердин арасында туура тамактануу маселелери боюнча санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү;
  • Өз иши боюнча отчет түзүү, талдоо жүргүзүү.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку медициналык билим, диетология боюнча атайын даярдыку;
  • Керектүү билимдер:
  • саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдардын негиздери;
  • коомдук тамактануу кызматын уюштуруу боюнча жалпы билими;
  • рационалдуу жана баланстуу тамактануунун негизги принциптери;
  • тамак-аш даярдоо блогуна карата коюлган санитардык-гигиеналык талаптар;
  • рационалдуу жана персоналдык баланстуу тамактануунун негиздери, азык заттарын жана энергиясын керектөөлөрү;
  • азык заттардын жана азык-түлүктүн биологиялык ролу;
  • тамак-аш азыктарына болгон гигиеналык талаптар жана аларды эксперттик баалоо методикалары;
  • диетологиянын, организмде зат алмашуунун физиологиялык негиздери;
  • организмде патологиялык процесстердин пайда болуу себептери, аларды алдын алууга таасир этүү механизмдери жана клиникалык көрүнүштөрү;
  • дарылык кулинариянын негизги принциптери, дарылык диеталардын түзүмү;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 13-июль саат 16.00 кеч эмес  HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-90.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.