Жарыяланган: 24 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 1-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу берүүчүлөрдү өндүрүштүк муктаждыктар үчүн полипропилен булаларын, катууланууну тездеткич жана пластификаторду жеткирүү боюнча чектелбеген эки этаптуу конкурска катышууга жана Техникалык Тапшырмага ылайык төмөнкү лотторго конкурстук табыштамаларын берүүгө чакырат:
Бөлүнгүс лоттор
1) 1-лот – SIKAFIBER маркасындагы полипропилен булалары же ага эквивалент – 129 725 кг, 5 кг кутучаларда таңгакталган.
2) 2-лот – SIKASIGUNIT 5667 AFL катууланууну тездеткичи же ага эквивалент – 717 IBC, 1000 л идиштерде таңгакталган.
3) 3-лот – SIKAVISCOCRETE GL-787 UG пластификатору же ага эквивалент – 182 IBC, 1000 л идиштерде таңгакталган.
Өз сунуштарын биринчи жолу берген катышуучулар Буйрутмачынын талабы боюнча алдын ала тестирлөөдөн өткөрүлөт:
– SIKAFIBER полипропилен булалары же ага эквивалент – 15 кг.
– SIKASIGUNIT 5667 AFL катууланууну тездеткичи же ага эквивалент – 200 л.
– SIKAVISCOCRETE GL-787 UG пластификатору же ага эквивалент – 100 л.
Сыноо партиясы үчүн баа өзгөрүүсүз бойдон калууда жана конкурстук сунушта берилген баа менен шайкеш келет.
Конкурстук комитеттин чечиминин негизинде, бардык критерийлер боюнча тандоодон өткөн катышуучулар менен 1 жылдык мөөнөткө Алкактык келишим түзүүгө болот.
Сиздин сунуштар документтер, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге, коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек жана мөөр менен бекитилип, документтерди PDF форматында берилиши керек.
Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
Тандоого катышууну каалагандардын баары Чакырууга №1, №2, №3 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруш керек, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүш керек.
Катышуучулар өздөрүн табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25 мб ашпашы керек.
Биринчи топтомдун темасы «[Компаниянын аталышы жана лоттун номери] боюнча квалификациялык жана техникалык сунуштар» болушу керек; экинчи топтому үчүн «[Компаниянын аталышы жана лоттун номери] баа сунушу» podzemka2026@kumtor.kg – деген дарекке жөнөтүлүшү керек.
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:
Резидент эместер үчүн (башка өлкөлөрдүн катышуучулары):
Берилген Товарлар үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлгөн учурда, Жеткирүүчү Кардардын өлкөсүндөгү банк тарабынан уруксат берилген алдын ала төлөмдүн суммасына банк кепилдигин берүүгө милдеттенет.
Жеткирүүчү келишимге кол коюлганда КГКнын банктык эсебине акча каражатын которуу жолу менен Келишимдин жалпы суммасынан 2% (эки пайыз) өлчөмүндө конкурсдук табыштаманы жана Келишимдин аткарылышын камсыз кылуучу кепилдикти берүүгө милдеттенет.
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзө алат.
2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
2.3.Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Баалоо критерийлери:
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «1» март, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Chynara.dzhaksygulova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.