МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН БИЗНЕС–АНАЛИТИГИ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕСИ)

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН БИЗНЕС–АНАЛИТИГИ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕСИ)

Жарыяланган: 16 August 2023

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 29.08.2023, 16:00го чейин.

“Кумтор Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт:
Маалымат технологиялар бөлүмүнүн бизнес–аналитиги (Бишкек ш. кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-23-108

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Тапшырыкчылардын талаптарын башкаруу. Бизнес-тапшырыкчылардан суроо-талаптарды чогултуу, аныктоо, тактоо, алардын талаптарын маанилүүлүгү жана актуалдуулугу боюнча талдоо жана бөлүштүрүү;
  • Компаниянын бизнес процесстерин моделдөө, сыпаттоо, талдоо жана оптималдаштыруу;
  • Документтерди иштеп чыгууга методикалык жардам көрсөтүү;
  • Талаптарды иштеп чыгуу жана формалдаштыруу (талаптарды бизнес, функционалдык, функционалдык эмес деп бөлүү, техникалык талаптарды жазуу);
  • Бизнес-тапшырыкчылар менен биргеликте тестирлөөгө катышуу;
  • Процесстердин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн жана алардын ченемдик маанилерин, аларга мониторинг жүргүзүүнүн ыкмаларын иштеп чыгууга жана актуалдаштырууга катышуу;
  • Процесстердин сапатын жакшыртуу боюнча долбоорлорду демилгелөө жана жетектөө;
  • Компаниянын иштеп жаткан бизнес-процесстерин сыпаттоо: процесстердин абалын изилдөө үчүн интервью, сурамжылоо жүргүзүү жана маалыматтарды топтоо, регламенттерди, нускамаларды жана документтерди иштеп чыгуу жана жазуу;
  • Жаңы бизнес-процесстер: бизнес-стратегияны жана максаттарды эске алуу менен бизнес-процесстерди талдоо, жакшыртуу жана автоматташтыруу боюнча сунуштар; бизнес-процесстерди автоматташтыруунун потенциалын аныктоо жана тапшырмаларды приоритеттөө; тапшырыкчы жана анын талаптары менен иштөө; гипотезаларды сыноо; жаңы процессти сыноо жана ишке ашыруу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Билими: маалымат технологиялар/долбоорлорду башкаруу, МВА/ колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:
  • маалыматтык системалар тармагында 2 жылдан кем эмес (артыкчылык: тоо-кен компанияларында);
  • талаптарды талдоо жана башкаруу, МT-долбоорлорун башкаруу боюнча 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
    • долбоорду башкаруу үчүн маалыматтык системалар менен иштөө тажрыйбасы;
    • 2ден кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, артыкчылык – тоо-кен, металлургия тармагында) тажрыйба;
  • Атайын көндүмдөрү жана билими:
  • маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгууну жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK);
  • стандарттар, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо методикасы, бизнес-процесстерди моделдөө (BABOK), контролдоо жана пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүү;
    • нотациялар, CASE инструменттерин колдонуу тажрыйбасы жана бизнес процесстерин моделдөө (DFD, IDEF, UML) боюнча 2 жылдан кем эмес;
  • талаптарды башкаруу аудитин уюштуруу, МТ долбоорлорун башкаруу бюонча көндүмдөрү болуу;
  • маалымат базаларын башкаруу системаларынын жана реляциондук байланыштардын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин түшүнүү;
  • аналитикалык ой жүгүртүүгө ээ болуу;
  • жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу;
  • командада иштей билүүсү.
  • Тилдерди билүү:
    • орус тилин – эркин билүү;
    • кыргыз тилин билүү – кубатталат;
    • англис тилин – орто (Upper Intermediate) же жогорку (Advanced) деңгээлде билүү

Анкета жана резюмени 2023-жылдын 29-августу саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf

 

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-23-108 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

АҢГЕМЕЛЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.