ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  02 September 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 16.09.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Персоналды башкаруу бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Экономика, юриспруденция, табигый-техникалык багыты боюнча жогорку билими тууралуу диплом;
 
- Заманбап программалык-техникалык жана офистик жабдууларды мыкты колдоно билүү;
 
- Мыкты коммуникация көндүмдөрү;
 
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон каалоо;
 
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
 
Милдеттери:
- Кадрлар жана алардын кыймылы менен байланышкан документтерди жүргүзүүгө жана сактоого көмөктөшүү;
 
- Иш кагаздарын жана архив иштерин жүргүзүүгө жардам берүү;
 
- Ишке орноштуруу боюнча кат алышууну жүргүзүү;
 
- Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын аткаруу;
 
- Ички эмгек тартибинин (компаниянын саясатын) эрежелерин сактоо;
 
- Жетекчинин кызмат ордуна тиешелүү буйруктарын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
 
- Купуя маалыматты жайылтпоо;
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе
 
- Такшалманын графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 16 сентябрьда саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз:
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.