МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 04 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 18.02.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн техникалык колдоо тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагындагы адистиги бар жогорку техникалык билим;
  • Windows операциялык системасын жана Microsoft компаниясынын продуктыларын билүү;
  • Локалдык тармактардын (LAN) жана интернеттин (IP, DNS, DHCP) ишинин базалык принциптерин түшунүү;
  • Локалдык тармактарды (LAN) жана тармактык туташууларды (Wi‑Fi, Ethernet) уюштуруу боюнча негизги билимдер;
  • Компьютердин жана перифериялык жабдуулардын түзүлүшү жөнүндө негизги билимдер (мониторлор, принтерлер, сканерлер);
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча сертификаттардын болушу же курстардан өтүү – артыкчылык болуп саналат;
  • Коммуникабелдүүлүк, командада иштей билүү;
  • Маселелерди өз алдынча чече билүү жана маалыматты өз алдынча издей билүү;
  • Эмоционалдык туруктуулук жана татаал жана күтүлбөгөн кырдаалдарды тез башкара билүү;
  • Техникалык документтер менен иштөө жана тушүнүү.

Милдеттер:

  • Офистик программалык камсыздоодогу, прикладдык программалык камсыздоодогу каталарды жоюу боюнча сурамдарды каттоо, ошондой эле КГКнын персоналдык компьютерлериндеги жана ноутбуктарындагы бузулууларды жоюу;
  • Колдонуучулардын жеке түзмөктөрүнө программалык камсыздоону орнотуу жана жөндөө;
  • Маселелерди каттоо жана эсепке алуу, маалыматтарды киргизүү жана билим базасын актуалдаштыруу;
  • МТ активдерин инвентаризациялоо жана эсепке алуу;
  • Колдонуучуларга телекоммуникация жана МТ системалары боюнча кеңеш берүү;
  • Телефон системасын тейлөө (телефондорду орнотуу, IP телефония системасындагы жөндөөлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • Компьютердик жабдууларды жана иш техникаларын даярдоо жана ишке киргизүү;
  • Көчүрүүчү жана басып чыгаруучу офис техникасын тейлоо (МФУ, принтерлер, сканерлер).

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 18-февралында, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.