Жарыяланган: 18 November 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 02-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.
«ЖАК «Кумтөр Голд Компани» 2025–2026-жылдары көрсөтүлүүчү төмөнкү кызматтарды сатып алуу боюнча эки пакеттик ыкма менен чектелбеген катышуу конкурсуна чакырат:
Лот 1. «Кумтөр кенинде жана анын аймагынан тышкары оператору менен техника тартуу аркылуу жер казуу иштерин аткаруу жана иш жүзүндөгү көлөмү боюнча төлөм жүргүзүү»
Лот 2. «Кумтөр кенинде экскаватордук кызматтарды көрсөтүү»
Лот 3. «Кумтөр кенинде жүктөө-түшүрүү кызматтары (2025–2025-жылдар аралыгында)»
Лот 4. «Кумтөр кенинде БВР бөлүмүндө материалдарды ташуу үчүн автосамосвал кызматтары (2025–2026-жылдар аралыгында)»
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекемделип, PDF форматында берилет. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен ырасталат.
Конкурска катышуучулар бардык лотторго же өзүнчө лотторго сунуш бере алышат. Ар бир лот өзүнчө бааланат. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Конкурска катышуучулар орус тилинде талаптарга ылайык сунуш даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө miningbids2025@kumtor.kg электрондук дарегине Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин, 2025-жылдын 2-декабрына чейин жөнөтүшү керек.
Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө кат даярдалат: Биринчи кат (биринчи этап үчүн): квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен. Темада: «Горная техника _ Квалификационные документы – ЛОТ 1, 2, 3, 4» (лот номерлерин тиешелүү түрдө көрсөтүү). Экинчи кат (экинчи этап үчүн): финансылык сунуш менен. Темада: «Горная техника _ Финансовые документы – ЛОТ 1, 2, 3, 4». Техникалык тапшырмалар тиркелет: |
| 1-Этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
|
Сынакка катышуу үчүн өтүнмө төмөнкү документтерди камтышы керек: |
Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат; |
| Поставщиктин арызы/сунушу. | |
| Лоттор боюнча техникалык жана квалификациялык талаптарга шайкештигин баалоо үчүн маалыматтар (Катуу түрдө чакыруудагы №1 тиркемеге ылайык толтурулат).
Эгерде катышуучу техникалык жана квалификациялык талаптар боюнча маалыматты №1 тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык эмес жөнөтсө, анын арызы четке кагылат. |
|
| Акыркы 2 жылда окшош иштерди аткарган тажрыйба (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрү, актыларды тиркөө). | |
| Сынактык сунуштун аткарылышына кепилдик берген декларация. | |
| Юридикалык жак катары катталгандыгын тастыктаган күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; | |
| Негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындалгандыгы тууралуу чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| Салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жок экендиги тууралуу акыркы отчеттук күнгө карата маалымкат. | |
| 2023–2024-жылдар үчүн каржылык отчеттордун сканерленген көчүрмөлөрү:
· Бухгалтердик баланс; · Киреше жана чыгаша боюнча отчет; · Акча каражаттарынын кыймылы боюнча отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр боюнча отчет. · Же болбосо 2023–2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы. |
|
| Мурдагы келишимдерди аткаруу боюнча сунуштар жана пикирлер | |
| Ачык-айкындуулук декларациясы. | |
| Конкурстук арызды кепилдеген декларация. | |
| Салык төлөмдөрү жана мамлекеттик органдарга социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу акыркы отчеттук датага карата маалымкат. | |
| Баалоо критерийлери: | Биринчи этапты баалоо критерийлери: • Биринчи этаптан өткөн деп саналган сунуш бардык квалификациялык талаптарга жооп берип, толук документтер пакетин камтышы керек. • Катышуучулар тиешелүү лотко жараша техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык маалыматтарды тастыктаган бардык документтерди берүүгө милдеттүү. • Конкурстук сунуштар жалпы жана ар бир техника түрү боюнча өзүнчө каралат. Жеңүүчү эң төмөн бааны сунуштаган катышуучу болушу мүмкүн, эгерде ал техникалык спецификация жана конкурс документациясынын бардык талаптарына жооп берсе. • Келишимди аткарууну кепилдөө (ГОИД) – конкурс документациясында көрсөтүлгөн талапка ылайык жеңүүчү тарабынан Декларация түрүндө берилет. |
|
Финансылык сунушту тапшыруу тартиби |
2-Этап: Финансылык бөлүк
Каттын темасында көрсөтүлүшү керек: Каттын мазмуну парол менен шифрлениши керек. Пароль биринчи этаптан өткөн учурда катышуучудан суралат. • Катышуучунун баа сунушу чакыруудагы №2 тиркемеге ылайык катуу түрдө толтурулат. Эгерде финансылык/коммерциялык сунуш паролсуз же квалификациялык документтер менен кошо берилсе, сатып алуучу уюмдун конкурс комиссиясы маалыматтын сакталуусуна жоопкерчилик албайт. |
| Бааларды көрсөтүү талаптары: | Кызмат көрсөтүү боюнча бааларды коммерциялык сунуш түрүндө берүү керек. Баалар «баары камтылган» принциби менен эсептелет: • Кызмат көрсөтүү наркы; • салыктар жана милдеттүү төлөмдөр; • жабдууларды мобилизациялоо жана демобилизациялоо; • жабдууларды амортизациялоо; • устат жана автослесардын туруктуу иши жана жабдууларды эксплуатациялоо; • айлык акы + командировкалык жана ар кандай кошумча төлөмдөр; • үстөк чыгымдар, пайда ж.б. |
| Заказ берүүчү каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишимди берүү алдында конкурсту каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт. | |
| Сунуш катышуучунун расмий бланкында болушу керек. | |
| Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Сунушту берүү менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макулдугун билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун бере алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Жарактуулук мөөнөтүндө сунушту өзгөртүүгө жол берилбейт.Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт. |
|
| Конкурс боюнча бардык суроолор жана түшүндүрмө берүү өтүнүчтөрү сунушту тапшыруу мөөнөтү бүткөнгө 3 календардык күн калганда төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: adilet.turganbaev@kumtor.kg | |
| Келишим биринчи жана экинчи этаптан өткөн жана эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет. | |
Тиркемелер: