КЕНДИН ЭЛЕКТРОТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 December 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.12.2025, 16:00го чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Кендин Электротехникалык кызматына эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билим: Электр энергетика багытындагы техникалык адистик;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук;
- Электротехника жана электр жабдууларынын иштөө принциптери боюнча негизги билим;
- Электротехникалык схемаларды жана техникалык документтерди окуу жөндөмү;
- Электр орнотууларын түзүү боюнча эрежелерди, керектөөчулөрдүн электр орнотууларынын техникалык эксплуатациялоо боюнча эрежелерин жана эмгекти коргоо боюнча нормативдик документтерди билүү;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
- Жеке сапаттар: эмгекчилдик, аткаргычтык, командада иштөө жөндөмдүүлүгү.
Милдеттер:
- Электр жабдууларын тейлөө, оңдоо жана жөнгө салууда жардам көрсөтүү;
- Өндүрүштүк процесстерге катышуу: жабдуулардын иштешин көзөмөлдөө, устаттын тапшырмаларын аткаруу;
- Техникалык документтерди жана эсепке алуу журналдарын жүргүзүү;
- Материалдарга жана жабдууларга өтүнмөлөрдү даярдоо;
- Техникалык тейлөө мөөнөттөрун жаңылоо, маалымат базалары менен иштөө, отчетторду толтуруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- 2025-жылдын 31-декабрьда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.