ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 22 May 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 05.06.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Химия жана химиялык технология (инженерия) гидротехника, физика багыты боюнча жогорку билим, (2019-жылдан 2025-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз.);
- Лабораториялык жабдууларды билүү (спектрометрлер, титраторлор,плотномерлер);
- Колдонуучу деңгээлинде компьютердик көндүмдөрдү билүү (MS Office пакети)
- Химиялык реагенттер менен иштөөнү билүү;
- Аллергиялык оорулардын жоктугу;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.
Милдеттери:
Инспекция аналитикалык лабораториясынын стажёру дайындалган жооптуу адамдын тапшырмаларын аткарат. Стажировка учурунда ал бөлүмдүн негизги иш багыттары менен таанышат, анын ичинде:
- пробаларды каттоо, сорттоо жана кургатуу;
- электен өткөрүү анализин жүргүзүү;
- үлгүлөрдү эритүүгө даярдоо;
- химиялык-аналитикалык лабораторияга келип түшкөн геологиялык жана технологиялык үлгүлөр менен иштөө.
Ошондой эле стажёр төмөнкү багыттар боюнча үлгүлөрдү тандоо жана сыноолорду жүргүзүүгө катышат:
- гранулометриялык курамын аныктоо;
- топурактын тыгыздыгын жана нымдуулугун өлчөө.
Стажёр коопсуздук талаптарын сактоону жана өз компетенциясынын чегинде бекитилген иш участкасында өндүрүмдүүлүктү камсыз кылууну камсыздайт, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) колдонуу эрежелерин так сактайт.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узкатыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтор кен-ишканансы
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны жана баардык керектүү документтерди 2025-жылдын 5-июнуна чейин саат 16.00дөн кеч эмес шилтеме аркылуу өтүп толтурунуз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.