БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  27 May 2024
                ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Администрация бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Юриспруденция, Мейманкана туризми, Филология, Эл аралык укук, Экономика адистиги боюнча жогорку билим;
 
- Натыйжалуулук жана тартиптүүлүк;
 
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office программасын билүү;
 
- Тыкандык, тактык;
 
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү;
 
- Стресске турктуулук жана сылыктык.
 
Милдеттери:
- Телефон байланышын камсыз кылуу, кабыл алынган билдирүүлөрдү жазуу жана аларды компаниянын кызматкерлерине жеткирүү;
 
- КГКга келгендердин жана коноктордун эсебин жүргүзүү;
 
- Көзөмөл жүргүзүү жана чайканаларды жана дааратканаларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу;
 
- «Маалымат тактасында» маалыматтын жаңылануусуна көзөмөл жүргүзүү;
 
- Жетекчинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткаруу;
 
- Келүүчүлөрдү ыкчам жана маданияттуу тейлөө, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү;
 
- Ар кандай документтерди көчүрүү, сканерлөө жана мукабалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
 
- Эвакуациялоодо зарыл болгон жумушчулардын тизмесин тактоо;
 
- Кызматкерлердин кеңседе жайгашкан жери боюнча файлды ай сайын жаңыртып туруу;
 
- Кеңсе буюмдарын жана продуктыларды көзөмөлдөө жана заказ кылуу;
 
- Кызматкерлерге ыйгарылган инвентарлык буюмдарды эсепке алууну киргизүү;
 
- Отуруу схемасын көзөмөлдөө;
 
- Бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү.
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
 
- Такшалма графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2024-жылдын 10-июнунда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.