БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫНЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫНЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Жарыяланган: 29 May 2025


БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫН КӨРКТӨНДҮРҮҮ ЖАНА КЕҢЕЙТҮҮ

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Балыкчы өткөөл базасы Балыкчы шаарынын түштүк-батыш четинде жайгашкан. Ал Балыкчы – Нарын трассасынын боюнда орун алган.
Базада учурда 229 кызматкер эмгектенет. Карамагында ар кандай 67 техниканын түрү бар. Балыкчы өткөөл базасы тоо-кен өнөр жайын камсыздоодо логистикалык маанилүү ролду ойнойт.
Бүгүнкү күндө базаны оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө. Базаны кеңейтүү жана көрктөндүрүү долбоору жол боюндагы жана ага чектеш 1,2 гектар аймакты камтыйт.

ЖАҢЫ РЕЗЕРВУАРЛАР

Бул иштердин алкагында күйүүчү майларды сактоочу жаңы резервуарлар курулду. Мурда резервуаларда 12 400 метр кубга чейин май сакталса, азыр 24 400 метр кубга чейин көбөйтүлдү.
Буга чейин Кумтөр ишканасы жеке менчик мунай компанияларынын май сактоочу резервуарларын ижарага алууга аргасыз болгон жана айына 2 миллион 188 миң сом, жылына 26 миллион 257 миң сом ижара акысын төлөп келген. Бүгүнкү күнгө чейин компания май сактоо үчүн 87 миллион 523 миң сом каражат жумшаган.
Жаңы резервуарларды ишке берүү менен Кумтөр күйүүчү майдын стратегиялык запасын жетиштүү көлөмдө сактоо менен айына миллиондогон каражаттарды үнөмдөп калды.

ДОЛБООРДУН МАКСАТЫ

Базага кире беришин жана жолдун боюн жаңыртып, заманбап көрк берип, эстетикалык жагымдуулугун камсыз кылуу, кызматкерлердин иш ордун жакшыртуу.

БАЗАНЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ

Базанын бир бөлүгү эски темир-бетон тосмо менен тосулган. Аймагы толук көрктөндүрүлгөн эмес, жарым-жартылай жашылдандырылган, калган бөлүгүндө курулуш жок, көрктөндүрүүгө абдан ылайыктуу.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР

Жолдун боюна жаңы заманбап тосмолор орнотулуп, декоративдүү дарактар жана бадалдар менен аллея жасалат. Жаңы аянтчалар салынып, асфальт-бетон төшөлөт жана архитектуралык көрк берилип, отургучтар, навигация элементтери орнотулуп, толугу менен жарыктандырылат. Базанын айланасы көрктөндүрүлүп, коопсуз жана көзгө жагымдуу зона пайда болот. Өнөктөштөр, кызматкерлер жана коомчулук арасында ишкананын жагымдуулугу артат.