АВТОМОБИЛЬ КРАНДАРЫ (СТРОПАЛЬЩИК) МЕНЕН ЖҮКТӨӨ-ТҮШҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ ЖҮКТӨРДҮ БАЙЛОО, КАРМОО, САЛМООР ЖАНА ЖЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ
Жарыяланган: 16 September 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 22-сентябры, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Автомобиль крандары (стропальщик) менен жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө жүктөрдү байлоо, кармоо, салмоор жана жылдыруу боюнча иштерди жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Сунуштарды slingersep25@kumtor.kg электрондук дареке жөнөтүү зарыл.
Позициянын аталышы: (стропальщик)
Милдеттүү талап:
Талапкер жарыяга тиркелген тиркемелерди толтурууга тийиш.
МИЛДЕТТЕРИ:
- Жүктөрдү байлоо жана жылдыруу боюнча коопсуз ыкмаларды билүү боюнча текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу белгиленген мамлекеттик үлгүдөгү стропальщик күбөлүгүнүн болушу;
- Стропальщик катары иш тажрыйбасынын болушу;
- Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулугу тууралуу медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу маалымкат;
- Банктык эсеп реквизиттери;
- Биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуудан өткөндүгү
Шарттары:
Кен ишканасында кызмат көрсөтүү графиги:
- 11 сааттык смена (күнүнө 7 смена/түнкүсүн 7 смена).
- Вахталык иштөө режими 14 күн / 14 күн.
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
№1 ТИРКЕМЕ
ФОРМА ЗАПРОСА КП