28-АПРЕЛЬ – ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ!

28-АПРЕЛЬ – ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ!

Жарыяланган: 28 April 2024

Урматтуу кесиптештер!

28-апрель – дүйнө жүзүндө Эмгекти коргоо күнү катары белгиленет.

Бул күн – иш учурундагы коопсуздук эрежелерин кынтыксыз сактоонун маанилүүлүгүн эскерткен дата.

Биздин максат – ишканабыздын бардык кеңселеринде жана кен жайда иштеген кызматкерлердин арасында жаракат алуунун нөлдүк көрсөткүчүнө жетүү жана тобокелдиктерди азайтуу.

Бул милдетти ишке ашыруу үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылуубуз керек.

Ар кандай тобокелдиктердин алдын алып, өзүбүздүн жана кесиптештерибиздин коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл. Сиздин ден соолугуңуз жана коопсуздугуңуз эң башкы байлыгыңыз экенин унутпаңыз! Өзүңүзгө кам көрүңүз, коопсуздук эрежелерин так сактаңыз!

Ар бириңиздерге узун өмүр, бакубатчылык жана бекем ден соолук каалайбыз! Ишибизди ийгилик коштоп, бөөдө кырсыктан тышкары бололу!