«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЭМГЕК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЭМГЕК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

Жарыяланган: 01 May 2024

Урматтуу кесиптештер, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчилигинин атынан эмгекти даңазалаган куттуу майрам менен баарыңыздарды куттуктайбыз.

Ар бириңердин күжүрмөн эмгегиңер менен биз компаниянын өнүгүшүндө олуттуу ийгиликтерге жетише алдык жана бул салымыңарды ар дайым жогору баалайбыз. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компаниде» 3 миңден ашык кызматкер иштейт. Алардын ишке берилгендиги, кесипкөйлүгү жана ак ниет эмгегинин аркасында Кумтөр ишканасы ата мекендик өнөр жайдын алдыңкы сап башынан татыктуу орун таап, өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү бойдон калууда!

Алдыбызда жер алдынан алтын казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү, Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү сыяктуу келечектүү ири долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат. Өз ишин мыкты билген Сиздердей кесипкөй адистер менен бул милдеттердин баарын өз убагында, так аткарабыз деп терең ишенебиз.

Баарыңыздарга чын жүрөктөн бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык менен бирге коопсуздукту жана профессионалдык жактан өнүгүп, өсүүнү каалайбыз.

Эмгек коопсуздугун ар дайым эсиңиздерден чыгарбай, бөөдө кырсыктан тышкары болуңуздар. Ак эмгегиңердин акыбети кайтып, ишиңерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!