КГК МЕНЕДЖМЕНТИ КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУ ЖАНА ЛИДЕРЛИК БОЮНЧА ТРЕНИНГКЕ КАТЫШТЫ

КГК МЕНЕДЖМЕНТИ КОРПОРАТИВДИК БАШКАРУУ ЖАНА ЛИДЕРЛИК БОЮНЧА ТРЕНИНГКЕ КАТЫШТЫ

Жарыяланган: 22 April 2024

19-20 – апрель күндөрү “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Башкармалыгы, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн “Корпоративдик башкаруунун негиздери: мен – улуттук корпорациянын жаратуучусумун” деген аталыштагы стратегиялык сессия жана тренинг өттү.

Иш-чара компаниянын миссиясын, көз карашын жана баалуулуктарын аныктап, иштеп чыгуу менен корпоративдик башкаруунун аспектилерин терең изилдөө максатын көздөгөн.

Тренингде корпоративдик жана стратегиялык менеджменттин ролу, компаниянын ачыктыгы жана фондулук биржаларга чыгуу аркылуу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү кеңири талкууланды.

«Бул тренинг бардык катышуучулар үчүн баалуу тажрыйба болду. Мында корпоративдик башкаруунун маңызын жакшыраак түшүнүүгө жана натыйжалуу башкаруу үчүн керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берди», – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» Адам ресурстарын башкаруу боюнча директору Светлана Волобоева.