2021-жылдын 22-июлунда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) Нижняя Серафимовка айылындагы карылар үйүнө эки тарапка түшүрүүчү жаңы трактордук жүк төгүүчү чиркемени жана ичүүчү суу үчүн бир тонналык сегиз сактагычтарын (еврокубалар) тапшырды.
Ушул жылдын июнь айында, жардам сураганга жооп катары, КГКнын Убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк уулу Нижняя Серафимовка айылындагы карылар үйүнө ыңгайлуу жана кенен “Тойота Хайс” микроавтобусун тартуулаган. Социалдык мекеменин камкорлугундагылар бул автоунаа менен керектүү медициналык мекемелерге барып келе алышат, жана ошондой эле ар кандай экскурсияларга барып тура алышат. Ошол иш-чарада Теңгиз Бөлтүрүк карылар үйүнүн эң көйгөйлүү маселесин “Кумтөр” чечип берет деп убада берген – ал көйгөй суу менен камсыздоонун жоктугу болгон жана шашылыш жардам катары сууну жеткирүү үчүн атайын автоунааны тапшырат деп айтып кеткен.
МЫНА ЭМИ ОШОЛ УБАДА АТКАРЫЛДЫ! Нижняя Серафимовка үйүнө таза сууну эми жакынкы булактардан ташып жеткирип жатышат. Жакын арада КГК суу скважинасын көзөө боюнча долбоорду ишке ашыра баштайт, аны менен мекемеде ичүүчү суу камсыздалат.
Нижняя Серафимовкадагы социалдык мекеме 1936-жылдан бери иштеп келе жатат. Ошондон бери ичүүчү суу маселеси курч болуп, адамдар дарыя суусун ичүүгө мажбур болушкан. Бүгүнкү күндө Нижняя Серафимовка үйүндө 310 адам жашайт, анын ичинде эркектер – 203, аялдар – 107.
“Биз өз тажрыйбабызда көрүп турабыз, “Кумтөр” мындан ары Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп жатат жана элдерге жардам көрсөтүүдө. “Кумтөр” ишканасы биздеги эң маанилүү маселени – суу көйгөйүн чечип берип жатат. “Кумтөрдүн” жаңы жетекчилигине, анын ичинде Теңгиз Бөлтүрүккө терең ыраазычылык билдиребиз” – деп Нижняя Серафимовка карылар үйүнүн директору Бактыбек Джунушев айтып кетти.
__________________________________________________________
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.