“Кумтөр” Нижняя Серафимовка айылындагы карылар жана ден соолугуна мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйүнө жаңы чиркемени жана ичүүчү суу үчүн сактагычтарын тапшырды

“Кумтөр” Нижняя Серафимовка айылындагы карылар жана ден соолугуна мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйүнө жаңы чиркемени жана ичүүчү суу үчүн сактагычтарын тапшырды

Жарыяланган: 23 July 2021

2021-жылдын 22-июлунда “Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) Нижняя Серафимовка айылындагы карылар үйүнө эки тарапка түшүрүүчү жаңы трактордук жүк төгүүчү чиркемени жана ичүүчү суу үчүн бир тонналык сегиз сактагычтарын (еврокубалар) тапшырды.

Ушул жылдын июнь айында, жардам сураганга жооп катары, КГК Нижняя Серафимовка айылындагы карылар үйүнө ыңгайлуу жана кенен “Тойота Хайс” микроавтобусун тартуулаган. Социалдык мекеменин камкорлугундагылар бул автоунаа менен керектүү медициналык мекемелерге барып келе алышат, жана ошондой эле ар кандай экскурсияларга барып тура алышат.

МЫНА ЭМИ ОШОЛ УБАДА АТКАРЫЛДЫ! Нижняя Серафимовка үйүнө таза сууну эми жакынкы булактардан ташып жеткирип жатышат. Жакын арада КГК суу скважинасын көзөө боюнча долбоорду ишке ашыра баштайт, аны менен мекемеде ичүүчү суу камсыздалат.

Нижняя Серафимовкадагы социалдык мекеме 1936-жылдан бери иштеп келе жатат. Ошондон бери ичүүчү суу маселеси курч болуп, адамдар дарыя суусун ичүүгө мажбур болушкан. Бүгүнкү күндө Нижняя Серафимовка үйүндө 310 адам жашайт, анын ичинде эркектер – 203, аялдар – 107.

 

__________________________________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.