Жарыяланган: 25 January 2012
Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2011-жылдагы иштердин алдын ала жыйынтыктарын чыгарышты.
•  Өткөн жылдын IV кварталында Кумтөр кенинде  138 696 унция1 (более 8 млрд. сомов) же 4,3 тонна алтын өндүрүлгөн.
•  2011-жылдын 12 айынын жыйынтыктары боюнча өндүрүштүн көлөмү 583 156 унция же 18,1 тонна алтынды түздү.
•  Салыктар жана милдеттүү төлөмдөр Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна 10,79 долларды2 (8 млрд. сомдон ашык) кошо алганда 173 млн. доллардан (500 млн. сомдон ашык) ашты.
•  Компания «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү 2012-жылы 575 миң унциядан 625 миң унцияга чейинкини (17,8 – 19,4 тоннаны) түзөт деп пландаштырууда.
•  Геологиялык чалгындоо иштерине 15 млн. доллар жумшалмакчы.
•  2012-жылы «Кумтөрдө» жалпы капиталдык чыгымдар  373 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда, анын ичинен 328 млн. доллар – өндүрүштү өнүктүрүүгө, а 45 млн. доллар – негизги фондуларды модернизациялоого багытталмакчы.
2011-жылдын жыйынтыктары боюнча кеңири отчет үстүбүздөгү жылдын февралында чыгарылмакчы.
«Центерра» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» жөнүндө кошумча маалымат SEDAR сайтында www.sedar.com, ошондой эле  www.centerragold.com жана  www.kumtor.kg корпоративдүү сайттарында жеткиликтүү .
_________________________________
(1) Маалымат үчүн: троялык унция = 31,1034768  грамм.
(2) Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, мында жана кийин АКШ доллары менен.
Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28